> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Тажрыйбалык такшалуудан өтүү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жогорку окуу жайларынын акыркы курсунун студенттерин жана жаш адистерди окуу стажировкасын өтүүгө, сынак өткөрүү жолу менен кабыл алат.  

    Сынак өткөрүүнүн этаптары:  

  • документтерди тандоо;  

  • кесипкөйлүк тесттен өткөрүү;  

  • маектешүү;  

    Талапкерлерге коюлуучу талаптар:  

  • жогорку окуу жайлардын эң мыкты баалар менен аяктаган 35 жаштан жогору эмес студенттери жана республиканын окуу мөөнөтү беш жылдык жогорку окуу жайларынын жана магистратуралардын акыркы курсунун студенттери;  

  • өзүн жакшы сапатттары менен көрөтө алган жана квалификациялык талаптарга жооп берген, адис/инспектор/экономист бош кызмат орундары үчүн сынакка катышкан талапкерлер.  

Окуу стажировкасынан өтүү мөөнөтү 3 айдан 1 жылга чейин.  

    Стажировканын жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынышы мүмкүн:  

  • бош кызмат ордуна сунушталат/сунушталбайт;  

  • стажировкадан өтүү мөөнөтү узартылсын;  

  • стажировка аяктасын.  

    Талап кылынуучу документтер:  

  • кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөтү менен;  

    өмүр баяны  

  • билими жөнүндө документтер (диплом тиркемеси менен же зачеттук китепчесинин көчүрмөсү), илимий даража жана наам ыйгарылгандыгы, квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө диплом, сертификаттар ж.б.  

  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер бар болсо);  

  • таржымал (кошумча маалыматтар) талапкердин каалоосу боюнча;  

  • паспорт же инсандыгын тастыктаган башка документ, ошондой эле аскердик билети документтерди тапшырып жаткан учурда, талапкердин өз колу менен берилет.  

    Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:  

  • Бишкек шаары Т.Үмөталиев атындагы көчө 101-үй, Персонал менен иш алып баруу бөлүмү, №106-бөлмө телефондору (0312) 66-90-18  

Өздүк баракча Персонал менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан берилет, №106-бөлмө.