> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

«Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча Мамлекеттик программанын биринчи баскычы (2003-2008 жж.)» 

 

Мамлекеттик программанын биринчи баскычы 2003-2008-жылдар аралыгында ишке ашырылган. Бул мезгил ичинде Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын төлөм системасын реформалоону жүргүзүп, учурда республикада төмөнкүлөр өз ишин жүзөгө ашырууда: 

1. Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы (мындан ары СПК) аталган система банктар аралык майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдү иштеп чыгуу үчүн каралган. Системада төлөмдөр жана эсептешүүлөр система катышуучуларынын милдеттенмелерин өз ара чегеришүүсүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Бул система 2006-жылдын октябрь айында ишке киргизилген.  

2. «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын базасында түзүлгөн Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын бирден бир оператору болуп саналат. «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакцияларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу боюнча өнүккөн инфраструктурага ээ (банкоматтар, POS-терминалдар). Аталган система чекене кызмат көрсөтүүлөр рыногунда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле эмгек акы долбоорлорун ишке ашырууга багытталган, бул нак эсептешүү керектөөсүн кыскартат жана калктын анча олуттуу эмес киреше алган кеңири катмарынын «Элкарт» улуттук төлөм карттарын пайдалануу менен банктык кызматтардан (нак акча алуу, төлөмдөрдү ишке ашыруу, кыска мөөнөттүү кредиттер) пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Бул системага республиканын бардык коммерциялык банктары туташтырылган. Ал 2006-жылдын декабрь айында ишке киргизилген. 

3. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөрдү өткөрүү үчүн айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы (мындан ары ГСРРВ) бул система финансы рынокторунда бүтүмдөр жана башка ири төлөмдөр боюнча тез жана жыйынтыктуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган. Система, катышуучулардын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик (күндөлүк) эсептериндеги акча каражаттарын эсептен алуу жана чегерүү аркылуу ар бир өзүнчө төлөм боюнча жыйынтыктап эсептешүүнүн дароо жүргүзүлүшүн камсыз кылат. Бул система 2008-жылдын июнь айында ишке киргизилген. 

Ошентип, Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте жаңы кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жалпы мамлекеттик масштабда нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн заманбап түрлөрүнүн кеңири жайылтылышын камсыз кылган.