> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ 

Бишкек шаары, 1999-жылдын 28-октябры N 117 

Кредиттик союздар жөнүндө 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169, 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207, 2023-жылдын 28-февралындагы N 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

I-Глава  

Жалпы жоболор 

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды түзүүнүн жана алардын ишинин укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт. 

1-статья. Кредиттик союз түшүнүгү 

Кредиттик союз - бул кредиттик союздун катышуучуларынын жеке аманаттарын кошуу жана аларды өз ара кредиттөө үчүн пайдалануу, ошондой эле башка финансылык кызматтарды, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык көрсөтүү жолу менен өз катышуучуларына (мүчөлөрүнө) жардам көрсөтүү максаттарында кооператив формасында түзүлүүчү финансы-кредиттик уюм. 

Кредиттик союздардын иши ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. Башка мыйзамдарда камтылган жана кредиттик союздардын ишине байланышкан маселелерге тиешелүү нормалар ушул Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш. Кредиттик союздардын ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка мыйзамдарда камтылган нормалар ушул Мыйзамдын нормалары менен карама-каршы келген учурда ушул Мыйзамдын нормалары колдонулат. 

Кредиттик союздардын иш-аракети ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен жөнгө салынат. 

Өз ишин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу кредиттик союздардын ишин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23, 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр 

1. Ушул Мыйзамдагы түшүнүктөр төмөндөгүдөй мааниде колдонулат: 

Сактык пайлары боюнча дивиденд - сактык пай боюнча кредиттик союздардын катышуучулары тарабынан алынган кирешенин шарттуу аталышы; 

Капитал - кредиттик союздун төлөнгөн бардык сактык пайларынын жана кредиттик союздун резервдеринин жалпы суммасы жана бөлүштүрүлбөгөн пайда; 

сактык пай (пай төлөмү) - кредиттик союздун катышуучусу тарабынан капиталга салынган жана кредиттик союздун тескөөсүндө турган акча каражаттарынын суммасы. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

3-статья. Кредиттик союздардын ишинин негизги максаттары 

1. Кредиттик союздун ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат: 

- катышуучуларынын каражаттарын бириктирүү жана аларга кредитерди берүү жолу аркылуу катышуучуларынын керектөөлөрүн канааттандыруу; 

- кредиттик союздун катышуучуларын кредиттик союздун ишин башкарууга тартуу. 

- каржылык кызматтарды көрсөтүү

2. Кредиттик союздун иши өзүн-өзү башкаруу, экономикалык жана чарбалык өз алдынчалык, анын мүчөлөрүнүн биргелешкен иши, тең укуктуулук принциптерине негизденет. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

4-статья. Кредиттик союздун иши 

1. Кредиттик союз өз ишин баштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкүдөй операцияларды жүргүзүүгө укук берүүчү лицензиясын алууга тийиш: 

1) катышуучулардын сактык пайларын сатып алуусу аркылуу алардын акча каражаттарын тартуу; 

2) кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөтүн тактоо, толугу менен кайтаруу, төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында кредиттерди берүү

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик союздардын реестрин жүргүзөт. Лицензиясы бар кредиттик союздар жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. 

Кредиттик союз кредиттик союздун уставында аныкталган аймакта иштейт. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясысыз кредиттик союз катары юридикалык жактын иш алып баруусуна тыюу салынат. 

Лицензиясы жок иш алып баргандыгы үчүн кредиттик союзга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик жүктөлөт. 

4. Кредиттик союз бул операциялар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык алынган лицензияда көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү банктык операцияларды кошумча жүзөгө ашыра алат: 

1) кредиттик союздардын катышуучуларынан улуттук жана чет өлкөлүк валютада салымдарды (депозиттерди) тартууну; 

2) кардарларга кредиттик союзда эсептерди ачпастан - банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды жүзөгө ашырууну; 

3) кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик уюм менен келишим боюнча кредиттик союзда эсеп ачпастан эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууну; 

4) өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашырууну; 

5) мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөө шарттарында кредиттик союздардын катышуучуларына кредиттерди чет өлкөлүк валютада берүү

5. Кредиттик союз ушул статьяда каралган финансылык кызматтарды (операцияларды) гана көрсөтүүгө, ошондой эле финансылык лизинг боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу. 

6. Депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союздар гана ушул статьянын 4-пунктунун 2-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23, 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169, 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

4-1-статья. Кредиттик союздун ишин чектөөлөр 

Кредиттик союз төмөнкүлөргө укуксуз: 

1) кредиттик союздун мүчөлөрү болуп саналбаган жактарга ушул Мыйзамдын 4-статьясынын 4-пунктунун 2 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары финансылык кызматтарды көрсөтүүгө

2) өзүнүн мүчөлөрүнүн жана үчүнчү жактардын милдеттенмелери боюнча кепил болууга жана гарантия берүүгө

3) өзүнүн менчик баалуу кагаздарын чыгарууга. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23, 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

5-статья. Кредиттик союздун юридикалык статусу 

1. Кредиттик союз юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын статусун алат. 

2. Кредиттик союз ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык ага тиешелүү акча каражаттарына, имараттарга жана башка материалдык мүлктөргө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт. 

3. Кредиттик союз өзүнүн карамагында турган мүлктөрдү алууга, ижарага берүүгө, пайдаланууга, башка бирөөгө берип турууга, күрөөгө коюуга, сатып өткөрүүгө, кредиттик союздун иши менен байланыштуу консультациялык жана маалымдоо кызматтарын көрсөтүүгө, окуу семинарларын жана практикалык сабактарды өткөрүүгө, ошондой эле аны түзүү максатына натыйжалуу жетишүү үчүн зарыл болгон кредиттик союзга мүнөздүү жана башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу. 

4. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарын ачууга укуктуу. Кредиттик союздун филиалдарын ачуунун тартиби жана алардын иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары менен жөнгө салынат. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23, 2023-жылдын 28-февралындагы N 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

6-статья. Кредиттик союздардын бирикмелери 

1. Кредиттик союздар жалпы кызыкчылыктарды коргоо жана аны көздөө максатында өз ишин шайкеш келтирүү, биргелешкен долбоорлорду жана жалпы милдеттер менен проблемаларды чечүүнү жүзөгө ашыруу үчүн бирикмелерди (ассоциациаларды жана союздарды) жана башка коммерциялык эмес уюмдарды түзө алышат. 

Мындай бирикмелердин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат жана жөнгө салынат. 

2. Кредиттик союздар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан иши жөнгө салынуучу адистештирилген мекемелерди, анын ичинде борбордук кредиттик институтту, депозиттерди камсыздандыруу фондун, стабилдештирүү фондун түзө алышат же болбосо аларга ээлик кылууга жана/же аларды башкарууга катыша алышат. 

3. Кредиттик союздардын борбордук кредиттик институту - борбордук кредиттик союздун катышуучулары болуп саналган кредиттик союздарды кредиттөө жана алардын ликвиддүүлүгүн колдоо милдетин аткарган адистештирилген финансы-кредиттик мекеме. 

Кредиттик союздардын борбордук кредиттик институту Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык келген шартта төмөнкүдөй операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1) борбордук кредиттик институттун катышуучуларына - кредиттик союздарга кредиттерди берүү

2) борбордук кредиттик институттун катышуучуларына - кредиттик союздарга эсептерди ачуу жана жүргүзүү

3) борбордук кредиттик институттун катышуучуларынын - кредиттик союздардын тапшырмалары боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу; 

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чектөөлөрүн эске алуу менен башка операцияларды. 

Кредиттик союздардын борбордук кредиттик институтунун ишин уюштуруу, башкаруу, каржылоо, кредиттерди берүү, эсептерди жүргүзүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу маселелерин кошо алганда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынат жана лицензияланат. Мында борбордук кредиттик институт катышуучулары кредиттик союздар болуп саналышкан жана катышуучулардын жалпы жыйынында добуш берүү "бир катышуучу - бир добуш" принциби боюнча жүзөгө ашырылган борбордук кредиттик союз түрүндө уюштурулушу мүмкүн. 

4. Кредиттик союздардын депозиттерин камсыздандыруу фонду - кредиттик союздун катышуучуларынын аманаттары (депозиттери) боюнча төлөмдөрдү кредиттик союздардын депозиттерин камсыздандыруу фондунун активдерин башкаруу, кредиттик союздар төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда алардын катышуучуларынын депозиттери боюнча компенсациялоо аркылуу гарантиялоо милдетин аткаруучу адистештирилген фонд. 

Кредиттик союздардын депозиттерин камсыздандыруу фондунун иши, аны түзүү, уюштуруу, башкаруу, каржылоо, депозиттер боюнча компенсацияларды төлөө тартиби, жөнгө салуу маселелерин кошо алганда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары менен аныкталат. 

5. Кредиттик союздардын стабилдештирүү фонду - төлөөгө жөндөмсүз абалга дуушар болгон кредиттик союздардын финансылык абалын жакшыртууну камсыз кылуу үчүн түзүлүүчү фонд. Стабилдештирүү фонду өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн кредиттик союздарга акыркы инстанциянын кредитин берүүгө, ошондой эле кредиттик союздар үчүн консультацияларды, окууларды өткөрүүгө, мониторинг жүргүзүүгө укуктуу. 

Кредиттик союздардын стабилдештирүү фондунун иши, аны түзүү, уюштуруу, башкаруу, каржылоо, акыркы инстанциянын кредитин берүү тартиби, жөнгө салуу маселелерин кошо алганда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары менен аныкталат. 

6. Кредиттик союздардын борбордук кредиттик институтунун, кредиттик союздардын депозиттерди камсыздандыруу фондунун жана кредиттик союздардын стабилдештирүү фондунун иши жыл сайын көз карандысыз аудитордук текшерүүдөн өткөрүлүүгө жатат. 

7. Кредиттик союздар калыстыктын, чындыктын жана көз карандысыздыктын принциптеринде кредиттик союздардын аудитин жүргүзүү милдети болуп саналган кредиттик союздардын борбордук аудитордук кызматын түзө алышат. 

Кредиттик союздардын борбордук аудитинин иши, уюштуруу, башкаруу, аудитке карата талаптарды кошкондо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынат. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

II-Глава 

 Кредиттик союзду түзүү 

7-статья. Кредиттик союздун уюштуруучулары 

1. Кредиттик союз: 

1) ишинин же кесибинин мүнөзү боюнча жакын же иш берүүчүсү бир болгон же 

2) бир же жакын жайгашкан калктуу бир нече же бир райондо жашаган 10 же андан ашык Кыргыз Республикасынын жеке жактары - резиденттери тарабынан түзүлөт. 

2. Кредиттик союздарды уюштуруучулар төмөндөгүлөргө милдеттүү

1) кредиттик союздун ишин жөнгө салуучу уставды кабыл алууга; 

2) Башкарманын, кредиттик комитеттин жана текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоого; 

3) өтүнүч катты толтурууга жана кредиттик союзду мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө

4) лицензия алууга арызды тариздөөгө

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

8-статья. Кредиттик союздун уставы 

1. Кредиттик союз анын негизги документи болуп саналган уставдын негизинде иш алып барат. Кредиттик союзга мүчө болуу менен катышуучулар кредиттик союздун уставынын жоболорун жактырууга жана аны аткарууга милдеттенмелерди алышат. 

2. Кредиттик союздун уставы төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 

1) (КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

2) кредиттик союздун толук жана кыскартылып берилген фирмалык аталышын; 

3) кредиттик союз жалпы кызыкчылыкты көздөгөн топ тарабынан түзүлгөндүгүн жана ошол топтун иш мүнөзүнүн жалпылыгынын аныктамаларын ырастоону; 

4) кредиттик союз ишин жүзөгө ашыра турган аймакты аныктоо; 

5) кредиттик союздун катышуучуларынын укуктары жана милдеттери жөнүндөгү жобону; 

6) катышуучулардын кредиттик союзга өтүүсүнүн жана андан чыгуусунун (чыгаруунун) тартибин жана шарттарын; 

7) кредиттик союзга кирүү учурунда төлөнүүгө тийиш болгон сактык пайларынын минималдуу өлчөмүн белгилөөнү

8) кредиттик союздун катышуучуларынын сактык пайларын салуусунун жана андан алуусунун тартибин жана шарттарын; 

9) кредиттик союздун катышуучуларынын реестри жөнүндөгү жоболорду; 

10) кредиттик союздун башкаруу органдары тууралу жоболорду; кредиттик союздун катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен чечилүүгө тийиш болгон маселелерди кошуп алганда, башкаруу органдарынын чечим кабыл алуусунун тартибин; 

11) кредиттик союздун башкаруу органдарынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүнү

12) кредиттик союздун катышуучуларына кредиттерди берүүнүн тартибин жана шарттарын, ошондой эле алардын камсыз кылынышына карата талаптарды; 

13) кредиттик союздун бош калган акча каражаттарын жайгаштыруунун тартибин жана алар салынышы мүмкүн болгон каржылык-кредиттик мекемелердин түрлөрүн; 

14) мүмкүн болуучу кредиттик коромжулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган резервдерди, ошондой эле эгерде, аларды түзүү каралып кала турган болсо, кредиттик союздардын башка резервдерин, түзүүнүн тартибин; 

15) кредиттик союздун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартибин; 

16) кредиттик союздун ишинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду. 

3. Кредиттик союз өзүнүн уставына киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралу алар киргизилген учурдан кийинки бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына билдирүүгө милдеттүү

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23, 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

9-статья. Кредиттик союздун аталышы 

1. Кредиттик союз анын уставында жазылган фирмалык аталыштарды пайдаланат. Бир да кредиттик союз уставда жазылган аталыштан башка аталыштарды кайсыл гана документтеринде, кулактандырууларында жана жарнамаларында болбосун колдонууга укуксуз. Кредиттик союздун аталышы "кредиттик союз" деген сөздөрдү камтууга тийиш. 

2. Жалпы республикалык союз менен бирикмелерди эске албаганда, кредиттик союздарга жана алардын бирикмелерине өз аталыштарында же символикаларында толук же кыскартылган түрдө, кайсыл тилде жана сөз айкашында болбосун "Улуттук", "Борбордук", "Кыргызстан" деген сөздөрдү пайдаланууга тыюу салынат. 

Аталыш катары мурда түзүлгөн кредиттик союздардын же банктардын аталыштарына окшош же дал келген белгилөөлөрдү пайдаланууга жол берилбейт. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

10-статья. Кредиттик союздун капиталы 

1. Кредиттик союздун капиталы коюлган талапка ылайык түзүлгөн, төлөнгөн сактык пайларынан жана бөлүштүрүлбөгөн пайда резервдеринен турат. 

Кредиттик союздун капиталы кредиттик союздун ишин жүзөгө ашыруу учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге каршы коргонуу чарасы катары аракеттенет. 

2. Кредиттик союздун капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптар жана аны түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленет. 

Эгерде кредиттик союздун катышуучуларына сактык пайларды төлөөнүн натыйжасында анын сактык пайларынын жалпы суммасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген сактык пайлардын жалпы суммасынын минималдуу өлчөмүнөн аз болуп калса, кредиттик союз ушул Мыйзамга ылайык жоюлууга тийиш. 

3. Кредиттик союздун капиталы катышуучулардын акча каражаттарынын эсебинен түзүлүүгө тийиш. Кредиттик союздун капиталын, негизги каражаттарды, баалуу кагаздарды жана материалдык эмес активдерди кошо алганда, башка активдер менен түзүүгө жол берилбейт. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

III-Глава 

 Кредиттик союзга мүчөлүк 

11-статья. Кредиттик союздун катышуучулары 

1. Ушул Мыйзамдын 7-статьясында белгиленгендей, кредиттик союзга кирер учурунда баралына жеткен жана жалпы кызыкчылыгы бирдей болгон Кыргыз Республикасынын жеке жактары - резиденттери кредиттик союздун катышуучулары боло алышат. 

2. Кредиттик союздун катышуучусунун жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрү (жакын туугандары), эгерде үй-бүлөнүн ар бир мындай мүчөсү ушул Мыйзамдын 20-статьясына ылайык белгиленген, кредиттик союзга катышууга укук берген өлчөмдө сактык пайын өз алдынча сатып алган болсо, 14 жашынан баштап кредиттик союздун катышуучусу боло алат. Мында жашы жете элек катышуучулар кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында чечимдерди кабыл алууда добуш берүү укугуна ээ эмес, ошондой эле кредиттик союздун башкармалыгына, кредиттик комитетине, текшерүү комиссиясына жана башка комитеттерине жана комиссияларына шайлануу укугуна ээ боло албайт. 

3. Кредиттик союздун уставында экономикалык чөйрөдө кылмышы боюнча соттолгон катышуучу кредиттик союздун башкармасынын, кредиттик комитеттин жана/же текшерүү комиссиясынын мүчөсү боло албай тургандыгынын шарттары аныкталууга тийиш. 

4. Жеке жактардан тышкары, Кыргыз Республикасынын дыйкан (фермердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактары-резиденттери кредиттик союздун катышуучулары болушу мүмкүн. Мындай учурда башка кредиттик союз кредиттик союздун катышуучусу боло албайт. 

5. Дыйкан (фермердик) чарба же кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактардын кредиттик союзга катышуусу (мүчө болуусу) юридикалык ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу жүзөгө ашырылат. Өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишеним берүү аркылуу жүзөгө ашырылат. 

6. Кредиттик союздун катышуучусу кредиттик союздун уставы жана каржылык отчеттору менен тааныша алат. 

7. Кредиттик союз катышуучулардын кимиси бул кредиттик союзга мүчө болгон дыйкан (фермердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактардын катышуучусу болуп санала тургандыгы жөнүндө маалыматты кошо алганда, анын ар бир катышуучусу үчүн жеткиликтүү болгон өз катышуучуларынын реестрин жүргүзүүгө тийиш. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

12-статья. Кредиттик союзга кабыл алуу 

1. Кредиттик союздун башкармалыгы жазуу жүзүндө берилген арыздын негизинде кредиттик союзга кабыл алуу жөнүндө өтүнүчтү карайт жана бир айдан ашпаган мөөнөт ичинде ал боюнча чечим чыгарат. 

Дыйкан (фермердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактар кредиттик союзга кирүү учурунда арыз менен бирге өзүнүн уставынын, уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрүн жана өз катышуучуларынын тизмесин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн түрдө берет. 

2. Кредиттик союздун уставында кредиттик союзга мүчөлүктү токтотууну караган шарттар аныкталууга тийиш. 

3. Кредиттик союздун катышуучуларынын ортосунда же мурдагы катышуучулары, ошондой эле тыштан тартылган кызматкерлер менен кредиттик союздун ортосунда келип чыккан пикир келишпестиктер сүйлөшүү жолу менен, ал эми ынтымакка келишпесе, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш. 

4. Кредиттик союздун катышуучусу өзү ээлик кылган төлөнгөн сактык пайларынын өлчөмүнүн чегинде гана кредиттик союздук милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат. Кредиттик союздун Уставында кредиттик союздун милдеттенмелери боюнча катышуучулардын кошумча жоопкерчиликтери каралышы мүмкүн. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

13-статья. Кредиттик союздан чыгаруу 

1. Кредиттик союздун катышуучусу ушул Мыйзамда каралган шарттардын сакталышы менен кредиттик союздан чыгарылышы мүмкүн. 

Кредиттик союздан чыгаруу ал тууралу 30 күн мурда билдирүү жана кредиттик союздун башкармасынын отурумунда ага сөз сүйлөөгө укук берүү менен жүзөгө ашырылат. 

Кредиттик союздун катышуучусу аны кредиттик союздан чыгаруу тууралу башкарманын бул чечимине макул болбосо, кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы чогулушуна даттанууга укугу бар. 

2. Кредиттик союздун катышуучусу кредиттик союздан төмөндөгүдөй учурларда чыгарылат: 

1) кредиттик союздун алдындагы өз милдеттенмелерин аткарууга абийирсиздик менен мамиле жасаган учурларда; 

2) ушул Мыйзамга жана кредиттик союздун Уставына каршы келген башка аракеттерге жол берген учурларда. 

3. Ушул статьяга ылайык кредиттик союздан чыгарылган катышуучуга, аны биротоло чыгаруу тууралу чечим кабыл алынган күндөн тартып квартал ичинде сактык пайлары төлөнүп берилет. Мында, ушул убакыт ичиндеги дивиденддер, эгерде уставда ал тууралу белгиленген болсо, каржы жылынын жыйынтыгы боюнча төлөнүп берилиши мүмкүн. 

4. Кредиттик союздун катышуучусу, эгерде ал кредиттик союздун алдында карыз алуучу же кепил катары милдеттенмелерин аткарбагандыктан улам, ушул статьяга ылайык кредиттик союздун катарынан чыгарылган болсо, анын сактык пайларын төлөп берүү токтотулушу болбосо сактык пайларынан кармап калынышы мүмкүн. 

 

IV-Глава 

 Кредиттик союздун башкаруу органдары 

14-статья. Кредиттик союздун жалпы чогулушу 

1. Кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби кредиттик союздун уставында каралат. 

Кредиттик союздун катышуучуларынын ар жылы өткөрүлүүчү (жылдык) чогулушу каржы жылы бүткөндөн кийин үч айдан кечиктирбестен өткөрүлөт. 

Жылдык чогулуштан тышкары, кредиттик союздун катышуучуларынын, кредиттик союздун башкармасынын же текшерүү комиссиясынын добуш берүүгө укуктуу кеминде элүү пайызынын демилгеси боюнча кезексиз (атайы) чогулуштары өткөрүлүшү мүмкүн. 

2. Кредиттик союздун жалпы чогулушунун компетенциясына төмөндөгү маселелер кирет: 

1) кредиттик союздун уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

2) кредиттик союздун иш планын жана программасын, чыгаша жана киреше боюнча сметаларды, алардын аткарылышы боюнча отчетторду бекитүү

3) белгиленген принциптерге жана ченемдерге ылайык пайыздын, кредиттик, иквестициялык, дивиденд боюнча саясаттарды бекитүү

4) Башкарманын, кредиттик комитеттин жана текшерүү комиссиянын мүчөлүгүнө шайлоо жана кайра чакырып алуу, алар тууралу Жоболорду бекитүү

5) бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон сактык пайлары боюнча дивиденддердин өлчөмүн жарыялоо; 

6) кредиттик союздарды өзгөртүп түзүү же/жана жоюу менен байланышкан маселелерди чечүү

7) эгерде кредиттик союздун уставында алар тууралу каралган болсо, башкарманын, кредиттик комитеттин жана текшерүү комиссиянын мүчөлөрүн сыйлоо өлчөмдөрүн аныктоо; 

8) ушул Мыйзам тарабынан кредиттик союздун жалпы чогулушунун компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү

3. Кредиттик союздун катышуучуларынын жылдык чогулушунун компетенциясына төмөндөгү маселелерди чечүү кирет: 

1) жылдык каржы планын жана аны аткаруу тууралу отчетту бекитүү

2) жылдык иш жыйынтыгын жана кредиттик союздун башкармасынын отчетун бекитүү

3) кредиттик союздун Башкармасынын, кредиттик комитеттин жана текшерүү комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо. 

4. Чогулуштун боло тургандыгы тууралу катышуучуларга чогулуш өткөрүлүүчү күнгө жыйырма күн калгандан кечиктирбестен, кредиттик союздун катышуучуларынын реестринде көрсөтүлгөн даректер боюнча кредиттик союздун башкармасы тарабынан жекече билдирилет. Билдирмеде чогулуш өткөрүү убактысы жана жайы, күн тартиби көрсөтүлөт. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

15-статья. Кредиттик союздун катышуучуларынын чогулушундагы кворум жана добуш берүү 

1. Жалпы жыйын, эгерде ага кредиттик союздун добуш берүүгө укуктуу болгон мүчөлөрүнүн кеминде элүү пайызынын добушуна жетишилген болсо, укук ченемдүү болуп саналат. Кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында добуш берүүгө жашы жеткен жеке адамдар - катышуучулар жана дыйкан (фермердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактардын - катышуучулардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү укуктуу. Кворум болбогон учурда кредиттик союздун башкармалыгы отуз күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө, катышуучулардын жалпы чогулушун кайра чакырууга милдеттүү, эгерде ага кредиттик союздун добуш берүү укугуна ээ катышуучуларынын отуз пайыздан кем эмеси катышса, ал ыйгарым укуктуу болуп эсептелет. 

2. Ушул статьянын 1-пунктунун шарттарына ылайык келген кредиттик союздун катышуучусу ага тиешелүү сактык пайларынын санын карабастан чечимдерди кабыл алууда бир гана добушка ээ болот. 

3. Ушул статьянын 1-пунктунун шарттарына ылайык келген жеке жактар - кредиттик союздун катышуучулары жалпы чогулуштарда өзү добуш бериши же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ишеним катты ага берүү менен добуш берүүчү өкүлүн дайындашы мүмкүн. 

Ишенимдүү адам кредиттик союзду башкаруунун кандайдыр бир органынын (башкарманын, кредиттик комитеттин, текшерүү комиссиясынын же башка комитеттин) мүчөсү болууга тийиш эмес. 

4. Кредиттик союздун башкармасынын, кредиттик комитетинин, текшерүү комиссиясынын жана башка комитеттеринин мүчөлөрүн кайта чакыртып алууга тиешелүү, жыйынга катышып жаткан жана добуш берүүгө укуктуу катышуучулардын кеминде 2/3 добушун талап кылган маселелерди эске албаганда, жалпы жыйында чечимдер ага катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 

5. Жалпы жыйында кредиттик союздун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, бекитүү, кредиттик союзду кайра өзгөртүп түзүү жана/же жоюу маселелери боюнча чечимдер, эгерде кредиттик союздун добуш берүүгө укуктуу катышуучуларынын жалпы санынын элүү пайыздан кем болбогону добуш берген болсо кабыл алынат. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23, 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

16-статья. Кредиттик союздун Башкармасы 

Кредиттик союздун Башкармасы анын катышуучуларынын ичинен шайланат жана кредиттик союздун күнүмдүк ишине жетекчилик кылат. 

Кредиттик союздун Башкармасынын жалпы милдети катышуучулардын өздүк жыйымдарын коргоо жана алардын сакталышын камсыз кылуу, кредиттик союздун катышуучулары үчүн мүмкүн болушунча кеңири спектрдеги кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. 

Кредиттик союздун Башкармасы өз ишинин жыйынтыгы боюнча жыл сайын кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы чогулушунда отчет берет. 

2. Кредиттик союздун Башкармасынын ыйгарым укуктарына төмөндөгүлөр кирет: 

1) кредиттик союздун ишинин эрежелерин жана аларга кийинки өзгөртүүлөрдү бекитүү

2) бекитилген принциптерге жана ченемдерге ылайык кредиттик, пайыздык, ссудалык жана инвестициялык саясатка карата сунуштарды даярдоо; 

3) катышуучулар тарабынан сактык пайларынын кошумча төлөмдөрүн киргизүү тартибин жана алардын өлчөмүн белгилөө

4) кредиттик союзга жаңы катышуучуларды кабыл алуу жана чыгаруу менен байланышкан маселелер; 

5) эгерде кредиттик союздун уставында ал тууралу каралган болсо, жалданган кызматкерлердин эмгек акыларынын өлчөмүн аныктоо; 

6) кредиттик союздун күндөлүк ишине байланыштуу жана жалпы чогулуштун компетенциясына кирбеген жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу. 

3. Кредиттик союздун Башкармасы так сандан, бирок кредиттик союздун катышуучуларынын 3 мүчөсүнөн кем болбогон курамдан турат. 

Кредиттик союздун башкармасы 3 жылдык мөөнөткө шайланат, анын мүчөлөрү кайтадан шайланышы да мүмкүн. 

Кредиттик союздун башкармасынын мүчөлөрү башкарманын төрагасына жазуу жүзүндө арызын берүү менен каалаган учурда отставкага кетүүгө укуктуу. 

4. Кредиттик союздун Башкармасынын мүчөлөрүн кызматтарынан чакырып алуу ошол адамга алдын ала тиешелүү түрдө толтурулган билдирүүнү жөнөтүү менен катышуучулардын жалпы же кезексиз чакырылган чогулушунун чечими менен ишке ашырылат. Ушул маселе боюнча чечим кредиттик союздун чогулушуна катышып отурган жана добуш берүүгө укуктуу катышуучуларынын 2/3 добушу менен кабыл алынууга тийиш. 

5. Кредиттик союздун башкарма мүчөлөрү өздөрүнүн биринчи жыйналышында төраганы шайлоого, бухгалтерди жана катчыны дайындоого тийиш. 

Кредиттик союздун Башкармасынын төрагасы кредиттик союздун күндөлүк ишине жетекчилик кылат жана кредиттик союздун тыштан тартылган кызматкерлеринин ишине башкаруунун жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

6. Башкарманын отурумдары зарылчылыкка жараша бирок, айына кеминде бир жолу өткөрүлүп турат. 

Башкарма эгерде, отурумга анын мүчөлөрүнүн кеыинде 2/3 катышкан учурда анын кароосуна коюлган маселелерди чечүүгө укуктуу. Чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. 

7. Кредиттик союздун Башкармасынын отурумунун протоколун жана стенографиялык отчетун кредиттик союздун катчысы жүргүзөт. Отурумдун протоколуна отурумга катышкан кредиттик союздун башкармасынын бардык мүчөлөрү жана анын катчысы кол коюуга тийиш. 

8. Кредиттик союздун Башкармасынын, кредиттик комитеттин, текшерүү комиссияньш жана башка комитеттердин жана комиссиялардын мүчөлөрү кредиттик союзда акысыз иштеп беришет. Жалпы чогулуштун чечими менен алардын кредиттик союздун башкаруу органдарынын ишине катышуусунун деңгзэлине жараша аларга сыйлык акылар каралышы мүмкүн. 

Аталган адамдарга кредиттик союздун ишине байланыштуу өз милдетин аткаруу учурунда тарткан чыгымдарынын орду толтуруп берилет. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23, 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

16-1-статья. Кредиттик союздун байкоочу кеңеши 

1. Кредиттик союзда жүздөн ашык катышуучу болгон учурда устав тарабынан кредиттик союзда катышуучулардын жалпы жыйынында шайлануучу байкоочу кеңешти (комитетти) түзүү каралышы мүмкүн. Байкоочу кеңеш кредиттик союздун катышуучуларынын ичинен так санда, бирок үч адамдан кем эмес, анын мүчөлөрүнө кайра шайлануу мүмкүндүгүн берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. 

2. Байкоочу кеңештин ыйгарым укуктары: 

1) кредиттик союздун башкармасынын жана кредиттик комитетинин ишинин уставдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, кредиттик союздун пландарына жана программаларына шайкештигине байкоо жүргүзүү

2) кредиттик союздун башкармасынын, кредиттик комитетинин жана текшерүү комиссиясынын иши тууралуу даттанууларды жана сунуштарды кароо; 

3) башкарманын жана кредиттик комитеттин иш планын бекитүү жана алардын аткарылышы боюнча отчетторду кароо; 

4) кредиттик союздун жылдык финансы планынын аткарылышына контролдук жүргүзүү

5) башкарманын, кредиттик комитеттин жана текшерүү комиссиясынын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын кароосуна коюу; 

6) башкарманын, кредиттик комитеттин жана текшерүү комиссиясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу сунуштарды кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын кароосуна коюу; 

7) кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар. 

3. Байкоочу кеңештин чечимдери, кворум болгондо - байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3нөн кем добуш болбогон учурда, байкоочу кеңештин катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 

4. Байкоочу кеңеш жыл сайын өз иши тууралуу кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында отчет берип турат. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

17-статья. Кредиттик союздун кредиттик комитети 

1. Кредиттик союзда кредиттик комитет түзүлөт, анын мүчөлөрү кредиттик союздун жалпы чогулушу тарабынан дайындалат. 

Кредиттик комитеттин курамы так сандан турууга, бирок үч адамдан кем болбоого тийиш. Кредиттик комитет 3 жылдык мөөнөткө шайланат, анын мүчөлөрү кайрадан шайланышы мүмкүн. 

2. Кредиттик комитет билдирмелерди кароо же кредиттер менен иштөө талап кылганына жараша чогулуп турууга тийиш. Кредиттик комитеттин иш регламенти кредиттик союздун башкармасы тарабынан бекитилет. 

3. Кредиттик комитет кредит алууга кредиттик союздун катышуучуларынын ар бир арызы боюнча чечим кабыл алат. Бир да кредит кредиттик комитеттин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу болмоюнча берилиши мүмкүн эмес. 

Берген билдирмелери четке кагылган кредиттик союздун катышуучусу, бул чечимге кредиттик союздун башкармасында же анын жалпы чогулушунда даттана алат. 

18-статья. Кредиттик союздун текшерүү комиссиясы 

1. Жылдык чогулуш курамы үч адамдан турган текшерүү комиссиясын түзөт, ал кредиттик союздагы счетторду, документтерди жана иштин абалын дайыма текшерүүнү жүргүзүүгө же уюштурууга милдеттүү. Эгерде ар жылдык чогулуш текшерүү комиссиясын шайлабоону чечсе, кредиттик союздун катышуучуларынын ар жылдык жалпы чогулушунун чечими боюнча текшерүү комиссиясынын функциясын тышкы (көз карандысыз) аудитор өткөрөт. Тышкы аудитор кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы чогулушу тарабынан шайланат. Ушул кредиттик союздун катышуучусу болуп саналган адамдар кредиттик союздун тышкы аудиторлору боло алышпайт. 

Башкарманын мүчөлөрү жана кредиттик комитеттин мүчөлөрү кредиттик союздун текшерүү коммиссиясына шайлана албайт. Текшерүү комиссиясы 3 жылдык мөөнөткө шайланат, анын мүчөлөрү кайрадан шайланышы мүмкүн. 

2. Текшерүү комиссиясы өз иш-аракетинин эсебин алууга милдеттүү. Комиссиянын иши тууралу отчет кредиттик союздун башкармасына жана катышуучулардын жылдык чогулушуна көрсөтүлүүгө тийиш. 

3. Текшерүү комиссиясы жалданган кайсыл гана кызматкер болбосун, анын ыйгарым укуктарын токтото турууну же таптакыр токтотуп салууну кредиттик союздун башкармасына сунуш кылышы мүмкүн. Бул маселе боюнча чечим текшерүү комиссиясынын катышып жаткан мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 добушу менен кабыл алынат. 

Текшерүү комиссиясы жалпы чогулушка кредиттик союздук Башкармасынын жана/же кредиттик комитеттин кайсыл гана кызматкери болбосун, анын ыйгарым укуктарын токтотуу же таптакыр токтотуп салуу тууралу сунуш кылышы мүмкүн. Бул маселе боюнча чечим текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн бир добуштан колдоосу боюнча кабыл алынат. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

18-1-статья. Кызыкчылыктардын келишпестиги 

1. Кредиттик союздун башкаруу органдарынын башка мүчөлөрү менен жакын туугандыгы бар адамдар бир мезгилде кредиттик союздун башкаруу органынын (башкарманын, кредиттик комитеттин, текшерүү комиссиясынын, байкоочу кеңештин) мүчөлөрү боло алышпайт. 

2. Кредиттик союздун башкаруу органдарынын бир да мүчөсү анын жеке мүлктүк кызыкчылыгына же жакын тууганынын, же анын ишмердигинде башкаруу органынын ушул мүчөсү түз же кыйыр мүлктүк кызыкчылыкка ээ болгон башка адамдын кызыкчылыгына байланыштуу маселелердин чечилишине эч кандай жол менен таасир эте албайт. Мындай маселелерге кредит берүү же төлөө, сактык пайын, депозитти салуу же алуу, уюмдардын капиталына жана негизги каражаттарына инвестициялар, лизинг операцияларын жана эсептешүүлөрдү ишке ашыруу, ошондой эле башка операциялар кирет. 

Кредиттик союздун башкаруу органдарынын мүчөлөрү кызыкчылыктардын келишпестиги орун алгандыгы тууралуу маалыматты алдын ала кредиттик союздун башкармасына билдирүүлөрү керек, башкарма бул маалыматты кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынына жеткирүүгө милдеттүү

3. Кредиттик союздун дыйкан (фермердик) чарба же кооператив түрүндөгү юридикалык жактардын катышуучулары болуп эсептелген, ушул кредиттик союзда мүчө болгон катышуучулары бул тууралуу дароо башкармага билдирүүлөрү керек, башкарма бул маалымат менен кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынына жеткирүүгө милдеттүү

4. Кызыкчылыктардын келишпестиги боюнча орун алган жана катышуучулардын байланышы тууралуу маалымат кредиттик союздун бардык катышуучулары ала алгыдай болууга тийиш. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

19-статья. Кредиттик союздун тышкы аудити 

1. Кредиттик союздун иши жылына аудитордук текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Аудитордук текшерүү тууралу чечим кабыл алынса, ал кредиттик союздун каржы жылы аяктагандан кийин 60 күндүн ичинде жүргүзүлөт. 

Эгерде кредиттик союз тышкы аудитти жүргүзбөөнү чечсе, тышкы аудитордун жоопкерчилиги кредиттик союздун текшерүү комиссиясына жүктөлөт. 

2. Аудитор отчеттук жылдын акырына карата кредиттик союздун каржылык абалынын канчалык так чагылдырылгандыгы, отчеттук жыл ичинде каржылык иштин жыйынтыктары кандай жана учетко алуу туура жүргүзүлгөнбү, мына ушулар тууралу корутундуну берүүгө тийиш. Аудитордук текшерүүлөр активдердин сапатын текшерүүнү, ошондой эле мүмкүн болуучу кредиттик чыгымдардын ордун жабууга каралган резервдерге жетиштүү чегерилип жаткандыгына баа берүүнү да камтууга тийиш. 

3. Аудитордун кредиттик союздун бардык бухгалтердик китептерин, счетторун, кириш-чыгыш документтерин, счет-фактураларын жана башка документтерин кароого уруксаты болууга тийиш. Башкарманын, комитеттердин же комиссиялардын мүчөлөрү, ошондой эле кредиттик союздун жалданган кызматкерлери аудитор талап кылган бардык маалыматтарды берүүгө милдеттүү

4. Аудитор жылдык жалпы чогулушта аны менен кредиттик союздун катышуучуларын тааныштырууга милдеттүү болушкан кредиттик союздун башкармасына жана текшерүү комиссиясына аудитордук корутундуларды жана башка сунуштарды берүүгө милдеттүү

 

V-Глава 

 Кредиттик союздагы сактык пайлары 

20-статья. Сактык пайлар 

1. Кредитгик союздун уставында кредиттик союзга өтүү үчүн талап кылынган сактык пайларынын минималдуу өлчөмү Кыргыз Республжкасынын Улуттук банкынын талаптарын эске алуу менен аныкталууга тийиш. 

2. Кредиттик союздун бир катышуучусунун сактык пайларынын өлчөмү кредиттик союздун бардык төлөнгөн сактык пайларынын суммасынын он пайызынан ашпоого тийиш. 

3. Кредиттик союздардагы сактык пайлары үчүнчү жакка, анын ичинде, кредиттик союздан кетип жаткан катышуучу макулдугу менен сактык жайларын кредиттик союздун башка катышуучусуна өткөрүп берсе, катышуучулардын кредиттик союздан чыгып кеткен учурларын эске албаганда, кредиттик союздун башка катышуучуларына берилбейт. 

4. Эгерде чыгым тартуу менен иштөөнүн кесепетинен кредиттик союздун активи толугу менен төлөнгөн сактык пайлардын жана милдеттенмелердин бирге алгандагы суммасынан аз болуп калса, анда кредиттик союздун катышуучулары келип чыккан чыгымдар өз ара бирдей бөлүштүрүлгөндөй жана кредитик союздун активдери толугу менен төлөнгөн сактык пайларынын жана милдеттенмелердин суммасына барабар болгудай кылып ар бир мүчөнүн пайларынын наркын төмөндөтүү тууралу чечимди кабыл алууга милдеттүү

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

21-статья. Кредиттик союз жөнүндө маалыматтарды берүү 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды эске албаганда, кредиттик союз катышуучулардын сактык пайлары же кредиттик союздун башка каржылык бүтүмдөрү тууралу маалыматтарды ар кандай үчүнчү жакка беришине тыюу салынат. 

22-статья. Сактык пайларды салуунун жана аны алуунун тартиби 

1. Каражаттар сактык пайлар катары салынган учурда кредиттик союздун катышуучусуна кредиттик союздун катышуучусунун акча каражаттарын салгандыгын же алгандыгын ырастаган жана төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган пай китепчеси берилет: 

1) жеке жак үчүн - аты-жөнү, туулган күнү жана жашаган дареги, юридикалык жак үчүн - толук аталышы, юридикалык дареги жана каттоодон өткөрүлгөн күнү, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнү жана жашаган дареги; 

2) салынган жана алынган сактык пайлардын суммасы жана аларды салуу жана алуу күнү

3) кредиттик союздан чыгып жаткан убакта башка катышуучудан/га кайра жол-жоболоштурулган сактык пайлардын суммасы жана алардын кайра жол-жоболоштурулган күнү

4) төлөнгөн дивиденддердин суммасы аларды төлөө күнүн көрсөтүү менен. 

Катышуучунун сактык пайлары боюнча бардык операциялар жана юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн операцияларынын өзгөрүүлөрү тууралу маалымат пай китепчесинде кредиттик союздун башкармасынын төрагасынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

2. Эгерде кредитик союздун уставында башкача каралбаса, кредиттик союздун катышуучусу өзүнө тиешелүү сактык пайын алуу менен кредиттик союздун Башкармасына 30 күн мурда бул тууралу жазуу жүзүндө билдирип, анын курамынан чыга алат. 

Устав тарабынан кредиттик союзга мүчө болуу токтотулгандан кийин каражаттарын накталай түрүндө же кредиттик союздун катышуучусу көрсөткөн счетко которуу жолу менен алуу мүмкүнчүлүктөрү каралууга тийиш. 

Эгерде, уставда башкача каралбаса, кредиттик союздун катышуучусу кредиттик союзга өткөндөн кийин үч айдын аралыгында андан чыгуу ниетин билдирсе, анда ал катышуучуга сактык пайлары боюнча дивиденддер төлөнүп берилбейт. 

3. Эгерде кредиттик союздун катышуучуларынын анык төлөнгөн сактык пайлары бул катышуучунун кредиттик союздун алдындагы карыз алуучу же кепил катары алган милдеттенмелеринин (анын ичинде ар кандай шарттуу, баланстан тышкаркы милдеттенмелер) жалпы суммасынын ордун жаппай турган болсо, анда сактык пайларынан суммаларды алууга тыюу салынат. 

4. Эгерде катышуучу кредиттик союздан чыкпай турган болсо, акча каражаттарын алуу, болбоду эле дегенде, сактык пайларынын минималдуу өлчөмү кредиттик союздун мүчөсүнүн эсебинде сакталып калышы талабы менен шартталышы керек. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

23-статья. Сактык пайлар боюнча дивиденддерди төлөөлөр 

1. Каржы жылынын аягында кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы чогулушу сактык пайлары боюнча төлөнүүгө тийиш болгон дивиденддерди жарыялайт. Дивиденддер кредиттик союздун резервдерге чегерүүлөрүнөн жана башка тиешелүү чегерүүлөрүнөн кийин гана бош калган акча каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Көрсөтүлгөн төлөмдөр кредиттик союздун чыгашасына катталат. 

2. Көзү өтүп кеткен катышуучунун мурасчысы катары мыйзам талабына ылайык таанылган адамдар, анын сактык пайларын бардык кошуп эсептелинген дивиденддери менен мурастап калат. 

24-статья. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн милдеттенмелердин ордун жабуу үчүн сактык пайларын пайдалануу 

Катышуучунун кредиттик союздун алдында мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы же милдеттенмеси бар болсо, анда кредиттик союз мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздар төлөнгөнгө чейин карызды төлөттүрүп алуу үчүн катышуучуга тиешелүү болгон бардык дивиденддерден өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу. 

 

VI Глава 

 Кредиттер жана карыз алуулар 

25-статья. Кредиттик союз тарабынан берилген кредиттер 

1. Кредиттик союз өз катышуучуларына ушул Мыйзамда, банк мыйзамдарында каралган шарттарда кредиттерди бере алат. 

Кредиттерди төлөөнүн мөөнөттөрүн жана шарттарын, кредит берүүнүн лимиттерин жана камсыз кылуунун алгылыктуу формаларын кошо алганда, жүргүзүлүп жаткан кредит саясатынын принциптери женүндөгү жобо банк мыйзамдарында белгиленген талаптарды эске алуу менен кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы чогулушу тарабынан кабыл алынат. 

2. Кредиттер кредиттик союздун уставынын жоболоруна ылайык жана банк мыйзамдарынын жөнгө салуучу талаптарын эске алуу менен төлөнгөн сактык пайларына ээ болгон кредиттик союздун катышуучусуна гана берилет. 

Устав бир карыз алуучуга же өз ара байланыштары бар карыз алуучуларга, банктык мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуу талаптарын эске алуу менен берилүүгө тийиш болгон кредиттин максималдуу өлчөмүн белгиленген жобону камтууга тийиш. 

3. Кредиттер камсыз кылынган, ошондой эле камсыз кылынбаган болушу мүмкүн. Кредиттик союздун катышуучусуна берилген кредит кредиттик союздун башка катышуучусу өзүнүн сактык пайларынын алдында берген гарантия менен камсыз кылынышы мүмкүн. 

4. Бардык кредиттер мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык толтурулган тиешелүү юридикалык документтер меыен далилденүүгө тийиш. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

26-статья. Кредиттик союздардын жүзөгө ашырылган тарабынан карыз алуулар 

1. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен кредиттик союздардын адистештирилген кредит мекемелеринен жана/же адистештирилген банктардан, коммерциялык банктардан, өкмөттүк органдардан, эл аралык каржы уюмдарынан жана келишимдердин негизинде тышкы булактардан каражаттарды ала алышат. 

2. Эгерде кредиттик союздун кайсыл гана булактардан болбосун алынган кредиттеринин убагында төлөнбөй калган негизги суммасы же пайыздары боюнча карызы болсо, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздар төлөнгөнгө чейин кредиттик союзга кредиттерди беришине, дивиденддерди же сактык пайларын алууга уруксат беришине тыюу салынат. 

27-статья. Кредит берүү өзгөчөлүктөрү 

1. Кредиттик союз кредиттик союздун Башкармасынын, кредиттик комитеттин, текшерүү комиссиянын мүчөлөрүнө төмөндөгүдей шарттарды сактоо менен кредит берет: 

1) берилип жаткан кредит ушул Мыйзамдын, уставдын жана башка катышуучуларга кредит берүүгө тиешелүү нускоолордун бардык талаптарына ылайык келет жана башка катышуучулар үчүн белгиленгендей шарттарда эле берилет; 

2) кредиттик союздун ошол адамдарына берилгендердин, кредиттердин жалпы суммасы банк мыйзамдары тарабынан белгиленген жөнгө салуу талаптарын эске алуу менен кредиттик союздун уставында аныкталган өлчөмдөн ашпоого тийиш. 

2. Ушул статьяда аталган адамдарга берилген кредиттердин жалпы суммасы мыйзам талабына ылайык, текшерүү комиссия жана/же аудит тарабынан дайыма текшерүүгө алынууга жана жылдык жалпы чогулушта кредиттик союздун башкармасынын мүчөлөрүнө жана баардык катышуучуларына маалымдалууга тийиш. 

28-статья. Акча каражаттарын инвестициялоо 

1. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен кредит берүү үчүн пайдаланылбаган бош калган акча каражаттарын инвестициялай алат. 

2. Кредиттик союздун имарат, жер, эмерек жана жабдуу сыяктуу кредиттик союздун өзүнүн чарбалык иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон жалпы салымдары, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелердин капиталдарына жалпы салымдары, ошондой ар бир жалпы салымдар үчүн банктын мыйзамдардын жөнгө салуучу ченемдеринде белгиленген көлөмдөн ашышы мүмкүн эмес. 

29-статья. Кредиттик союз тарабынан түзүлүүчү резервдер 

1. Кредиттик союздар жоюлуп кеткен учурларды эске албаганда, кредиттик союздар кредиттер жана инвестициялар боюнча же кредиттик союздун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болбогон активдер боюнча мүмкүн болуучу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн банк мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө резервдерди түзүүгө милдеттүү

2. Кыргыз Респуликасынын Улуттук банкы төмөнкүлөргө укуктуу: 

- резервдерге чегерүүлөрдүн ченемдерин белгилөөгө жана/же; 

- резервдердин өлчөмүн эсептөө формуласын өзгөртүүгө жана/же; 

- жүйөөлүү себептерден улам кайсыл болбосун бир же андан ашыгыраак отчеттук мезгилдерде резервдерди түзүүнүн талаптарын алып салууга. 

Резервдерге чегерүүлөр сактык пайлары боюнча дивиденддерди төлөөгө чейин жүргүзүлүүгө тийиш. 

3. Кредиттик союз кредиттик союздун иши менен байланышкан башка резервдерди түзүшү мүмкүн. 

 

VII Глава 

 Кредиттик союздун ишин жөнгө салуу 

30-статья. Кредиттик союздун ишин жөнгө салуу 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы турукташкан каржы тутумун сактап туруу жана кредиттик союздардын катышуучуларынын кызыкчылыгын коргоо максатында кредиттик союздардын ишин жөнгө салат. 

Кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу менен байланышкан өз милдетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик актыларды (нускоолорду, директивалык көрсөтмөлөрдү ж.б.) чыгарууга, кредиттик союздун колунда болгон тиешелүү маалыматтарды талап кылууга жана алууга, ушул Мыйзамда жана банк мыйзамдарында каралган чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензиясы бар союздардын ишин көзөмөлдөөнү алардын берген отчеттору жана маалыматтары боюнча кредиттик союздардын ишин иликтөө жана талдоо, ошондой эле жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырат. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик союздун ишине көзөмөлдук кылуу милдетин өзү ыйгарым укук берген органга тапшырышы же ушул ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте көзөмөлдү ишке ашырышы мүмкүн. 

3. Кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу менен байланышкан өзүнүн милдетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөндөгүлөргө укуктуу: 

1) экономикалык ченемдерди белгилөөгө

2) кредиттик союздардын ишин текшерүүгө

3) сактык пайларын кредиттик союздан алып коюуга чектөөлөрдү белгилөөнү кошуп алганда, кредиттик союздун каржылык абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүгө

4) кредиттик союздун ишинде кетирилип жаткан укук бузуулар менен кемчиликтерди четтетүү тууралу милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү жиберүүгө

5) кредиттик союздун иши тууралу отчетторду жана башка документтерди же маалыматтарды талап кылууга жана алууга; 

6) кредиттик союздун ишине тикеден-тике банк көзөмөлүн киргизүүгө

7) кредиттик союзда убактылуу администрациялык тартипти киргизүүгө

8) кредиттик союздун кээ бир операцияларын убактылуу токтотууга же чектөөгө

9) кредиттик союздун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотууга же чакырып алууга; 

10) республиканын мыйзам талабына ылайык кредиттик союзду жоюу процессин баштоого; 

11) кредиттик союздун кызмат адамдарына мыйзам жоболорун бузгандыгы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын милдеттүү көрсөтмөлөрүн аткарбагандыгы же отчетторду системалуу бербегендиги же болбосо так эмес информация, отчет же маалымат бергендиги үчүн айып салуу. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алдын-ала кредиттик союзга далилдерди көрсөтүү менен кредиттик союздун иш жүзүндө же пландаштырып жаткан аракеттерин токтотуу тууралу төмөнкүдөй учурларда буйрук чыгарууга укуктуу: 

1) кооптуу же ишенимсиз каржы ишин жүргүзгөн учурларда же жүргүзүүгө даяр болсо; 

2) банк мыйзамдарын же Улуттук банктын ченемдик актыларын же жазуу жүзүндөгү талаптарын жана/же кредиттик союздун уставын бузууларга жол беришсе. 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул статьяда келтирилген таасир этүү чараларынан тышкары банк мыйзам актыларында каралган башка чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23, 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

VIII Глава 

 Корутунду жобо 

31-статья. Кредиттик союздагы эсепке алуу жана отчеттуулук 

1. Кредиттик союздун каржы жылы жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин белгиленет. 

2. Кредиттик союздун бардык бухгалтердик китептери, отчеттору, бухгалтердик тутумдары жана кабыл алынган ички иш тартиби ишенимдүү чарбалык тажрыйбага, кредиттик союздун уставына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

Отчеттордун мүнөзү, көлөмү, формаларынын тизмеси жана аларды берүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасыыын Улуттук банкы тарабынан белгиленет. 

3. Кредиттик союз бухгалтердик эсепке алууда жана отчетторду түзүүдө колдонулуучу документтердин катуу эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү

Сакталууга тийиш болгон негизги документтердин тизмеси жана аларды сактоонун мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленет. 

32-статья Өзгөчө жобо 

1. Кредиттик союзга катышуучу болбогон жакка күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүү учурунда кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен соода-сатык бүтүмүн жол-жоболоштурууга кеткен чыгымдарды жабууга укуктуу. 

2. (КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 

3. Кредиттик союздар боюнча чыгымдар кредиттик союздун күндөлүк ишине байланышкан тиешелүү чыгымдарды жана каржы жылынын жыйынтыгы боюнча төлөнүүчү сактык пайлары боюнча дивиденддерди камтыйт. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

33-статья. Кредиттик союздарды кайра өзгөртүп түзүү жана/же жоюу 

1. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен кайра өзгөртүп түзүлүшү (биригүү, кошулуу, бөлүнүү, бөлүп алуу) мүмкүн. 

2. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык жана анын макулдугу менен жоопкерчилиги чектелген коом же акционердик коом түрүндөгү финансы-кредит мекемеси болуп кайра түзүлүшү мүмкүн. 

3. Кредиттик союз өз ыктыяры менен жоюла алат. Кредиттик союздардын өзүн жоюусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат: 

- кредиттик союз лицензиянын түп нускасын (кошумча лицензиялары менен бирге) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзүн жоюу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып үч күндүн ичинде тапшырууга тийиш; 

- кредиттик союз кредиттерди берүүнү, уюмдун капиталына жана негизги каражаттарына инвестициялоону, сактык пайларды жана депозиттерди кабыл алууну өзүн жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып токтотууга тийиш; 

- кредиттик союз кредиторлорунун жана катышуучуларынын алдындагы бардык милдеттенмелерди аткарууга тийиш. 

4. Кредиттик союздун уставында ал ыктыярдуу жоюлган учурда бардык милдеттенмелер канааттандырылгандан кийин, анын төлөнгөн сактык пайлардын жалпы суммасынан ашып калган активдери, кредиттик союздун уставында каралган шарттарга ылайык, бардык катышуучулар ортосунда бөлүштүрүлө тургандыгы каралууга тийиш. 

5. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиясы кайтарылып алынган төмөнкүдөй учурларда жоюлууга тийиш: 

- эгерде кредиттик союзда добуш берүү укугуна ээ болгон жеке жактарынын - катышуучуларынын саны ондон кем болгондо; 

- эгерде кредиттик союз ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык сактык пайлардын жалпы суммасынын минималдык өлчөмүн сактоого тиешелүү шарттарды аткарбаса; 

- эгерде кредиттик союз системалуу түрдө (б.а. катары менен 12 календардык ай ичинде эки жана андан көп жолу) мыйзам жоболорун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларын. көрсөтмөлөрүн жана/же кредиттик союздун уставын бузса, анын натыйжасында кредиттик союздун иши кооптуу же финансылык жактан ишенимсиз болгондугу же болушу мүмкүн болсо; 

- эгерде кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөгө жөндөмсүз деп таанылса. 

6. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензияны кайта алуу жөнүндө чечимин алгандан кийинки үч күндүн ичинде лицензиянын түп нускасын (кошумча лицензиялары менен бирге) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тапшырууга, бир айдын ичинде - соттон тышкаркы тартипте жоюлуу жол-жобосун баштоого тийиш. 

7. Кредиттик союзду жоюу боюнча милдеттер анын катышуучуларына же кредиттик союздун уставында жоюуга ыйгарым укуктуу башкаруу органына жүктөлөт. 

8. Кредиттик союз төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда банкроттук жөнүндө мыйзамга ылайык жоюлууга тийиш. Мында кооперативдерди банкроттукка чыгаруу процессинин өзгөчөлүктөрү кредиттик союздарга карата колдонулбайт. 

9. Төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда өз катышуучуларынан депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союз "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жоюлууга тийиш. 

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 23, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

34-статья. Мыйзамдын күчүнө кириши жөнүндө 

1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте бир айлык мөөнөттө

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна беришсин; 

- өз чечимдерин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келтиришсин. 

  

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

А. Акаев 

  

  

  

1999-жылдын 30-сентябрында 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган