2018-жылдын 07-июнунда банктарды кайра каржылоо максатында кредиттик аукциону өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет

 

Кредиттик аукциондун параметрлери: 

 

 

Аукциондун коду 

АК 18 07 

Кредиттин мөөнөтү (ай) 

6 ай 

Кредиттик ресурстардын көлөмү 

(млн. сом) 

1 500,00 

Ауцион өткөрүү ыкмасы 

Көптүк чен боюнча аукциону 

Максаттуу багытталышы  

Өнөр жай; айыл-чарба, даярдоо жана кайра иштетүү; транспорт, байланыш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү; соода жана коммерция; курулуш; туристтик чөйрө

Регионалдык багытталышы 

Региондорду экономикалык өнүктүрүү программасынын  алкагында аймактарды өнүктүрүү жылы кредиттик ресурстар Бишкек шаарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бардык областарын каржылоого багытталууга тийиш. Бишкек шаары боюнча долбоорлорду кредиттөгө жол берилбейт. 

Минималдуу пайыздык чен (%) 

Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени 

Билдирменин минималдуу көлөмү  

(млн. сом) 

20,00 

Билдирменин максималдуу көлөмү  

(млн. сом) 

450,00 

Коммерциялык банктардын түпкү карыз  

алуучулары үчүн чектүү номиналдык  

пайыздык чени 

12% 

Пайыздын төлөө убакыты 

Ар бир айдын 1чи күнүндө 

Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу 

Төлөө мөөнөтү кредитти төлөөдөн эрте болбогон мамлекеттик баалуу кагаздары (МБК) (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) 

Төлөө мөөнөтү кредитти төлөөдөн эрте болбогон Улуттук банктын ноталары (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%)   

Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган чет өлкө валютасы (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) 

Кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 200%) 

Кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү максималдуу күрөөлүк камсыздоо  

Жалпы күрөөлүк камсыздоонун 80% ашпаган