Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети 2017-жылдын 23-ноябрында Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, ошондой эле анын жазма буйруктарын дайыма аткарбай келгендиги үчүн» «МКК «КЭШИН ЖЧКсынын каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүн 2017-жылдын 27-ноябрынан тартып кайтарып алуу чечимин кабыл алды. 

«МКК «КЭШИН» ЖЧКсынын юридикалык дареги: Бишкек ш., Москва көчөсү, 121. 

«МКК «КЭШИН» ЖЧКсынын айкын орун алып турган дареги: Бишкек ш., И.Раззаков атындагы көчө, 15. 

«МКК «КЭШИН» ЖЧКсы Көзөмөл боюнча комитеттин токтому менен Бишкек шаары, Т.Умөталиев атындагы көчө 101 дарегине келип, таанышууга акысы бар. Маалыматтар 66 92 58 телефон боюнча берилет.