Улуттук банк маалымдайт 

 

Улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылган банкноттору жана монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөм каражаты катары эч кандай чектөөлөрсүз төлөөгө милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2011-жылдын 13-октябрындагы №631/35/10 “Кыргыз Республикасында накталай эсептешүүлөр учурунда тыйын калдыктары суммасын тегеректөө тартиби жөнүндө” токтом талабына ылайык, бардык чарба жүргүзүүчү субъекттер жана бюджеттик мекемелер банкнотторду жана монеталарды чектөөсүз кабыл алып, белгиленген тартипте коммерциялык банктарга тапшыруусу каралган.  

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзам талабына ылайык, улуттук валютанын акча белгилерин төлөөгө кабыл алуудан негизсиз баш тартуу, ошондой эле аларды атайлап жок кылуу же жарнамалык максаттарда мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат. Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 362-беренесинде улуттук валютаны төлөөгө кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн 5 (беш) эсептик көрсөткүчтөн 30 (отуз) көрсөткүчкө чейинки айыптык төлөм салынышы каралгандыгын да кошумча белгилеп кетүүгө тиийшпиз.  

Мына ушундай жагдайларга кабылган жарандар Бишкек шаары, Чүй проспектиси 168 дареги боюнча жана 312) 61-04-86 телефону аркылуу Улуттук банктын коомдук кабылдамасына кат жүзүндө же mail@nbkr.kg электрондук дарегине кайрыла алышат.