Улуттук банк «Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселеси боюнча талкуу өткөрдү 

 

2018-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктардын, төлөм системалары операторлорунун жана төлөм уюмдарынын, мобилдик байланыш операторлорунун, «Кыргыз банктар бирлиги», «KG төлөм системалары операторлор ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмелеринин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин жана ушул комитетке караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен «Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө» жобого, электрондук капчыктарды толуктоо тартибин жана электрондук акчага байланыштуу айрым башка маселелерди тактап алуу максатын көздөгөн өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду талкуулоо боюнча жолугушуу болуп өттү

Анын жүрүшүндө төлөмдөрдүн гарантияланышы көз карашында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, бардык рынок катышуучуларына бирдей шарттарды камсыз кылуу, уюлдук операторлор эсебинде каражаттардын топтолуш, финансылык туруктуулук; системада орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүүнү кошо алганда, көзөмөлдүктү жөнгө салуу жана аны ишке ашырууда өз ара иш алып баруу маселелери талкууга алынды.