Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов Германия Аманат кассалары фондусунун өкүлдөрү менен жолугушту 

 

Бүгүн, 7-февралда Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун Германия Аманат кассалары фондусунун (мындан ары Фонд) эл аралык кызматташтык боюнча өкүлдөрү менен жолугушуп, анын жүрүшүндө тараптар 2014-жылы кол коюлган Кызматташтык меморандумунун алкагындагы биргелешкен долбоорлордун өздөштүрүлүшү боюнча пикир алышып, ой бөлүштү

«Мен бардык багыттар боюнча натыйжалуу кызматташып жаткандыгыбызга өтө кубанычтамын. Фонддун колдоосу алдында банк кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу программасынын чегинде Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын 250 ашуун адиси билим деңгээлин жогорулатууга жетишти.  

Фонд ошондой эле, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын ишке ашырууга көмөктөшүп, бул багытта усулдук сунуш- көрсөтмөлөрдү иштеп чыккан. Натыйжада Бишкек шаарынын, Чүй областынын жана Ош шаарынын мугалимдери окуу курстарынан өтүшкөн. Бул багытта биздин кызматташтыкты мындан ары да улантуу зарыл», - деп белгиледи Т.Абдыгулов. 

Ал эми аталган Фонддун эл аралык кызматташтык боюнча директору Фосс Матиас учур талабына жооп берген долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылгандыгына жана Улуттук банктын финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жагында аткарып жаткан ишне ыраазычылыгын билдирди.  

Жолугушууга ошондой эле, Улуттук банктын Төрагасынын орун басары, айым Лада Орозбаева жана Фонддун аймактык директору Киниц Ульрих катышты. 

 

Маалымат үчүн:  

Улуттук банк менен Фонд ортосундагы кызматташтык 2014-жылдын 24-декабрында кол коюлган мемарандумдун алкагында банк кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн өркүндөтүү, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу багытында ишке ашырылып келет.