Германиянын Берлин шаарында 2018-жылдын 2-февралынан 4- февралга чейин өткөн «Бүткүл дүйнөлүк монеталар жарманкеси -2018» көргөзмө-форумуна (World Money Fair 2018) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы да катышып, анда “Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары», “Кыргызстандын Кызыл китеби”, “Тарыхый окуялар”, “Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери”, “Кыргыз каганатынын доору”, “Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар”, “Жусуп Баласагынга 1000 жыл” жана Улуттук банктын ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борбордук банктарынын эл аралык программаларынын алкагында чыгарылган жалпы саны 48 даана коллекциялык монета форумдун катышуучуларынын сынагына сунушталган.  

Аталган коллекциялык монеталар көргөзмөгө келгендердин зор кызыгуусун жаратып, толук сатылып кеткендигинин өзү Улуттук банктын бул багытта жүргүзүп жаткан иш натыйжалуугунун айкын тастыктамасы болуп саналат.