Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтом долбооруну (мындан ары долбоор) иштеп чыккандыгын жана анда төмөнкүлөр камтылгандыгын билдирет: 

банктардын ишинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүктү жүргүзүү боюнча инспектордук текшерүүлөрдүн жаңы талаптарын киргизүү

- тышкы көзөмөл банктык көзөмөлдүктүн элементи экендигин чагылдыруу; 

банк кызматкерлери жана жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар боюнча протокол толтурууга, аудио/видеого жаздырып алууга Улуттук банктын укугу

«мүнөздүү тобокелдик», «айкын келип чыккан тобокелдик», «банк ишинде орун алган тобокелдик мүнөзү» жана «банктын жыйынтык рейтинги» сыяктуу аныктамаларды киргизүү

- инспектордук текшерүүнү жүргүзүүдө банктын тоскоолдуктарды жаратышы жагдайларын четтетүү жол-жоболору; 

- банктык көзөмөлдүктү жүргүзүүдө текшерүүлөр боюнча отчетторду даярдоо жана башка иш-чараларга тиешелүү бөлүккө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүк саясатына ылайык банк ишинде орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди классификациялоо; 

- башка өзгөртүүлөрдү киргизүү

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын «Ченемдик актылар / Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Улуттук банк, жогоруда белгиленген долбоорго карата сунуштарды жана сын-пикирлерди 2018-жылдын 5-апрелинен кечиктирбестен, ошондой эле каттын электрондук версиясын amuratov@nbkr.kg электрондук дарегине да жөнөтүүнү өтүнөт.