Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 26-сентябрындагы №29/2 токтомунун негизинде “Ак Банк” ААКсына 2005-жылдын 28-сентябрынан тартып консервация чарасы киргизилген эле.  

Ал эми Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 31-октябрындагы № 33/1 токтому менен “Ак Банк” ААКсына 2005-жылдын 19-майында банк операцияларын жүргузүү укугуна берилген №021 лицензия жана чет өлкө валютасында операцияларды жүргүзүү укугуна берилген №021/1 кошумча лицензия 2005-жылдын 1-ноябрынан тартып кайтарылып алынган. Ошентип, 2005-жылдын 31-октябрынан тартып “Ак Банк” ААКсы банк ишин жүргүзбөй келген. 

2017-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамы колдонууга киргизилгендигине байланыштуу “Ак Банк” ААКсында консервация жол-жобосу Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 23-июнундагы токтому менен Убактылуу администрация атайын режимине өзгөртүлгөн.  

Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2018-жылдын 22-февралындагы чечими менен “Ак Банк” ААКсы төлөөгө жөндөмсүз катары таанылып, ага карата мажбурлап жоюу жол-жобосу башталып, Шаршекеева Каныш Шаршекеевна жоюучу болуп дайындалган. 

Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун жогоруда көрсөтүлгөн чечимине ылайык, Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-февралындагы токтому менен «Ак Банк» ААКсында убактылуу администрация режими токтотулган. 

«Ак Банк» ААКсындагы иш жагдайына байланыштуу маселелер боюнча жоюу процессин башынан кечирип жаткан банктын жоючусу Шаршекеева Каныш Шаршекеевнага Бишкек ш., Жумабек к. 203 дареги же 46-34-13, (0558) 00-83-83 телефондору аркылуу кайрылсаныздар болот.