Кыргызстанда «Дүйнөлүк Акча Жумалыгы» старт алды 

 

Бардык дүйнө жүзүндөгүдөй эле, Кыргызстанда 12-мартта салтка айлангандай балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган Дүйнөлүк акча жумалыгы старт алды. Бул тууралуу, Кыргыз Республикалык Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун катышуусундагы пресс-конференцияда жарыяланды. Ал балдардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселеси, дале болсо курч бойдон калып жаткандыгын баса белгиледи. «Бул багыт мамлекет тарабынан бекитилген калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасындагы приоритеттүү багыт болуп эсептелет. Бул программанын алкагында Улуттук банк Билим берүү жана илим министрлиги, өнөктөш уюмдар менен биргеликте мектеп программасына финансылык сабаттуулуктун элементтерин камтып кетүүнүн үстүндө иштеп жатат»,-деп билдирди төрага Абдыгулов.  

Бир жуманын ичинде Улуттук банк, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар биргелешип, мектептерде ачык сабактарды, жогорку окуу жайларда лекцияларды окуп, Улуттук банктын нумизматикалык музейинде экскурсияларды уюштуруп, коммерциялык банк жана мамлекеттик органдарда ачык эшик күндөрүн, квест-оюн, балдар арасындагы бизнес-жарманке ж.б. бир катар иш чараларды өткөрүшү пландалган. Мындан сырткары, улуттук сынактардын (сүрөт, эссе, мектептин бюджетин талкуулоо ж.б) жыйынтыгы чыгарылат. Сынактын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө сыйлоо аземи 20-мартта Гапар Айтиев атындагы сүрөт исскуство музейинде өткөрүлүшү күтүлөт.  

Иш-чаралар тууралуу кеңири маалыматты  Дүйнөлүк акча жумалыгы күндөлүгүнөн табууга болот.