Дүйнөлүк акча жумалыгы-2018 иш-чарасынын алкагында өткөрүлгөн 

сүрөт тартуу, эссе жазуу жана креативдүү кутуча жасоо сынактарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү 

 

2018-жылдын 20-мартында Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде Дүйнөлүк акча жумалыгы-2018 (Global Money Week) иш-чарасынын алкагында сүрөт тартуу, эссе жазуу жана креативдүү күтүча жасоо боюнча өткөрүлгөн улуттук сынактардын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруунун салтанаттуу аземи болуп өттү

Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Алмаз Сыдыков салтанаттуу иш-чараны ачып жатып, сынак өткөрүү иши жыл сайын кеңири жайылтылып жаткандыгын жана сынакка сунушталган эмгектердин саны анын айкын далили экендигин баса белгиледи.  

Жаш курагына ылайык өз-өзүнчө өткөрүлгөн сынак жеңүүчүлөрү уюштуруучулардын баалуу белектери менен сыйланды алар үчүн коммерциялык банктарда 6000 сомго чейинки суммада депозиттер ачылды. Айрым конкурсанттарга Улуттук банктын коллекциялык күмүш монеталары тапшырылды.  

Мындан тышкары, аталган музейде Дүйнөлүк акча жумалыгынын чегинде улуттук сынакка катышкан балдардын талантынан жаралган сүрөттөр көргөзмөсү уюштурулган, ал 2018-жылдын 4-апрелине чейин көрүүчүлөрдү кабыл алат.