Пресс-релиз 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн  

5,00 пайыз деңгээлинде калтырды 

 

Улуттук банк Башкармасы 2018-жылдын 26-мартында эсептик чен өлчөмүн (чен саясатын) 5,00 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2018-жылдын 27-мартынан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасында инфляциянын айкын мааниси орточо чекте орун алуу менен Улуттук банктын күтүүлөрүнүн чегинде катталган. 2018-жылдын март айында (16-мартка карата) инфляциянын жылдык мааниси февраль айындагы 3,5 пайыздан 2,9 пайызга чейин басаңдаган. Эл аралык азык-түлүк рынокторунда ыңгайлуу жагдай түптөлүп тургандыктан, азык-түлүк товарлар тобуна баа басаңдаган. Азык-түлүктөн башка инфляцияга алгылыктуу салым көмүргө жана КММга баанын өсүшүнөн улам камсыздалган. Түптөлгөн инфляция факторлорунун тенденциясы келерки мезгил ичинде баа динамикасы акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчү 5-7 пайыз чегинде туруктуу сакталарын мүнөздөөдө

Кыргыз Республикасынын экономикасында катталган алгылыктуу өсүш динамикасы, келип түшкөн акча которуулардын туруктуу динамикасынан жана айкын эмгек акынын көбөйүшүнөн улам суроо-талаптын өсүшү менен шартталган. Экономиканын негизги секторлорунда өндүрүш көлөмүнүн өсүшү байкалган. 2018-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча айкын ички дүң өнүм 2,7 пайызга, ал эми «Кумтөр» алтын-кен иштеп чыгуу ишканаларынын маалыматтарын эске албаганда 3,3 пайызга өскөн.  

Ички валюта рыногунда туруктуулук сакталып турууда. 2018-жылдын баш жагынан тартып (26-мартка карата) сомдун бекемделиши 1,0 пайызды түзгөн. 2018-жылдын март айында Улуттук банк ички валюта рыногунда катышкан эмес. 

Монетардык сектордо 2018-жылдын баш жагында түптөлгөн тенденция сакталып турган. Акча рыногунда пайыздык чендер Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чекте өзгөрүп турууда. Банктар аралык кредиттик ресурстар рыногунда жигердүүлүк сакталууда. Банк сектору жетиштүү деңгээлдеги сом түрүндөгү ликвиддүүлүккө ээ. Буга чейин көрүлгөн акча-кредит саясатынын чаралары кредит боюнча рыноктук чендердин төмөндөшүнө жана экономиканы кредиттөө көлөмүн арттырууга таасир тийгизген. 

Кошумча тышкы жана ички инфляциялык таасирлер жок учурда, дүйнөлүк товардык рыноктордо баа динамикасын баалоо жана өсүп жаткан чогуу алгандагы суроо-талап 2018-жыл ичинде инфляциялык динамиканын 5-7 пайыздан ашпаган деңгээлде түптөлүшүн камсыз кылышы мүмкүн. Мындай шартта, эсептик чендин сакталып турушу экономиканын реалдуу секторуна алгылыктуу таасирин тийгизиши мүмкүн. 

Улуттук банк туруктуу негизде инфляцияга карата тышкы жана ички факторлордун таасирине баа берүү менен экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрүүнү улантат.  

 

Маалымат үчүн: 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесине тиешелүү кийинки отуруму 2018-жылдын 28-майына пландаштырылган.