Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн (ЕАЭБ) борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча консультативдик кеңешинин отурумуна катышты 

 

Төрага Т.С. Абдыгулов баш болгон Улуттук банктын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Москва шаарында 2018-жылдын 29-мартында өткөн ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча консультативдик кеңешинин 16-отурумуна катышып келишти. 

Отурумга ЕАЭБке мүчө мамлекеттеринин борбордук (улуттук) банктарынын төрагалары да катышышты. 

Иш-чарада тараптар учурдагы жалпы экономикалык жагдай, мүчө мамлекеттерде 2017-жылы жана үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде ишке ашырылган акча-кредит саясаты маселесин, мамлекеттердин жалпы финансы рыногу боюнча концепциянын долбоорун, кибер коопсуздук жана башка маселелерди талкуулашты.