Улуттук банктын Төрагасы Кыргыз экономикалык университеттин  

студенттерине лекция окуду 

 

 Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2018-жылдын 6-апрелинде Кыргыз экономикалык университеттин студенттерине “Улуттук банктын ролу жана аткарган милдеттери» темасында лекция окуду.     

Анын жүрүшүндө Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын түптөлүү тарыхындагы маанилүү окуяларга, айрыкча Кыргыз Республикасын банк системасына таасир этүүчү банк мыйзамдары, акча-кредиттик саясат, Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын өнүгүшү, улуттук валютанынын 25-жылдыгына маселелерине токтолду.  

Иш-чарага катышкан студенттер өлкөнүн башкы финансылык жөнгө салуучу органынын иш аспектилерине кызыгып, олуттууу суроолорду берип, так маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Сөзүнүн акырында Т.Абдыгулов аудиториянын суроолоруна жооп берип, угуучулардын мыктыларын атайын белектер менен сыйлады.