Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети 2018-жылдын 5-апрелинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, ошондой эле анын жазма буйруктарын дайыма аткарбай келгендиги үчүн КФ «Адал Финанс» МКАсынын каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүн 2018-жылдын 10-апрелинен тартып кайтарып алуу чечимин кабыл алды. 

КФ «Адал Финанс» МКАсынын юридикалык дареги: Бишкек ш., Т.Умөталиев атындагы көчө 81, 50 бат. 

КФ «Адал Финанс» МКАсы Көзөмөл боюнча комитеттин токтому менен Бишкек шаары, Т.Умөталиев атындагы көчө 101 дарегине келип тааныша алат. Маалыматтар 66 92 58 телефону боюнча берилет.