Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Т. Абдыгулов 2018-жылдын 17-апрелинде Франциянын Россия Федерациясындагы элчилигине караштуу Регионалдык экономикалык өкүлчүлүгүнүн финансы аналитиктеринин делегациясы менен жолугушту. Жолугушуу учурунда өлкөдө орун алып турган макроэкономикалык жагдай талкууланып, Улуттук банктын валюта саясаты, инфляция көрсөткүчтөрү, күндөлүк баланстын өзгөрүүсү, финансы жана банк секторлорунун абалы жана аны жөнгө салуу иши, ошондой эле Улуттук банктын криптовалютага карата көз карашы кароого алынды. Делегацияны Франция Банкынын Президентинин КМШ өлкөлөрү жана Грузия боюнча өкүлү, Франциянын Россиядагы элчилигинин Регионалдык экономикалык кызматынын башчысынын орун басары Имберт Ансельм жана Франциянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Микаэль Ру мырзалар жетектеп келген.