Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2018-жылдын 20-апрелинде "Улуттук банктын нумизматикалык монеталарын сатуу боюнча "numizmat.nbkr.kg" веб-сайтын колдонууга сунуштады.  

Мындан ары ушул веб-сайт аркылуу нумизматикалык монеталарды буйрутма берүү менен сатып алууга болот. Сатыкка сунушталган монеталар боюнча кеңири маалыматты жана сатып алуу эрежелери менен жогоруда аталган сайттан таанышууга болот.