Долбоор коммерциялык банктардын ишинде кездешкен тобокелдиктерди жана эл аралык финансылык рыноктордо орун алып жаткан туруксуздук жагдайынын таасирин басаңдатуу ошондой эле, айыл чарбасын жана экспортко багыталган, импортту алмаштыруучу товарларды чыгарган ишканаларды каржылоого байланыштуу мамлекеттик программаларга катышуусу үчүн коммерциалык банктарга өбөлгө түзүү максатында Улуттук банк коммерциялык банктардын капиталынын шайкештиги стандарты маселеси боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө» долбоорун иштеп чыкты. Долбоордо Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүлөр жана толуктоолор каралган: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештиги стандартын аныктоо жөнүндө” нускоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 “Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет жөнүндө” жобо. 

Долбоор банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2018-жылдын 23-майынан кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.