Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коллекциялык монеталарды сатуу боюнча аукциондун жыйынтыгын чыгарды 

 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында, Улуттук банк 2018-жылдын 26-апрелинде сейрек (сатууда бүткөн) коллекциялык монеталарды сатуу боюнча аукционду өткөрдү

Улуттук банк аукционго 66 коллекциялык монеталарды чыгарды, анын ичинде: 2 алтын, 34 күмүш жана пластикте таңычакталган 1 баракта 30 даана 1 тыйын номиналындагы коллекциялык монеталары. 

Аукцион кадамы 100 сомду түздү. 26 катышуучу катталды. 

Аукционго чыгарган лоттордун жалпы баштапкы баасы 216 900 (эки жүз он алты миң тогуз жүз) сомду түздү. Аукциондун жыйынтыгы боюнча коллекциялык монеталарды сатуунун жалпы суммасы 501 600 (беш жүз бир миң алты жүз) сомду түздү

Эң жогорку баада "Манас эпосуна 1000 жыл" алтын монетасы 108 000 сомго сатылды, бул монетанын баштапкы баасы 23 000 сомду түзгөн, ал эми күмүш монеталар боюнча баштапкы баасы  5 000 сомду түзгөн “Эл аралык тоо жылы” сериясындагы "Аркар" жана "Ак маңдай гүл" күмүш монеталары ар бири  20 000 сомго сатылды.