Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2018 - жылдын 26 - апрелинде «Улуттук банк Башкармасынын «2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» №2018-П-12/14-2-(НПА) токтому кабыл алынып, ага ылайык сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ыраттуу айдан азыраак) иш алып баруучу алмашуу бюролордун жүгүртүү каражаттарынын өлчөмүнө карата болгон талаптар кайра каралып чыкты, бир алмашуу бюросуна кошумча дагы төрт алмашуу бюросун ачуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу жол-жобосу жөнөкөйлөтүлдү жана тартиптештиирилди.  

Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Токтом Улуттук банктын расмий сайтында: www.nbkr.kg/ Банк/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору дареги боюнча жайгаштырылган.