Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2018-жылдын 10-майынан тартып «Тарыхый окуялар» сериясынан «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл» жез-никелден даярдалган коллекциялык монетаны, ошондой эле «Улуттук музыкалык аспаптар» сериясынан «Комуз» коллекциялык күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарат.   

«Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл» коллекциялык жез-никель монетасы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жолундагы маанилүү тарыхый окуяларды чагылдырып, даңазалоо максатында чыгарылууда

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин алгачкы 1 тыйын номиналындагы банкнот жана жогорку 5 000 сом номиналындагы банкнот чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл» жазуусу орун алып, төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы жана Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдигинин баш тамгасынан турган сомдун белгиси асты сызылып баса көрсөтүлгөн, бул улуттук валютанын туруктуулугунун дагы бир тастыктамасынан болуп саналат. 

Монетанын арткы бетинин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлүп, аны айланта 1, 10, 50 тыйын жана 1, 3, 5, 10 сом номиналындагы монеталарга орун берилген. Төмөнкү бөлүгүндө монетанын чыгарылган жылы (2018) көрсөтүлгөн.  

Жез-никелден жасалган монеталардын ар бири акрил капсуласына салынып сакталат.  

Ал эми «Улуттук музыкалык аспаптар» сериясынан «Комуз» коллекциялык күмүш монетасы кыргыз элинин кылым карыткан баа жеткис көркөм маданиятын даңазалоо максатында чыгарылууда. 

Түпкүлүктүү элдин ой-тилегин, жан-дүйнөсүн түйшөлткөн арзуу сезимин үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл аркылуу жеткирген комуздун сүрөттөлүшү монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Анын чок ортосунда монетанын номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн. Сол жак бөлүгүндө монетанын аталышы «Комуз» жана металлдын сапат белгиси (Ag 925°), оң жагында монетанын латын тамгасында берилген аталышы «Komuz» жана салмагы (28,28 г) чагылдырылган. 

Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын герби, борбордук бөлүгүндө музыкалык аспаптын алкагында комузда кол ойнотуп чертип жаткан комузчунун элеси түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы (2018), сол жагында «Улуттук музыкалык аспаптар» деген жазуу тигинен жайгаштырылган.  

Ар бир күмүш монета секртификаты менен кошо акрил капсуласына салынып сакталат. 

 

  

Монеталардын мүнөздөмөлөрү:  

Аталышы  

Номиналы  

Металлы (сапат белгиси)  

Диаметри/ өлчөмү(мм)  

Салмагы (г)  

Сапаты  

Нускасы (даанасы)  

Сатуу баасы (сом)  

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл 

5 сом 

Жез-никель  

33,00 

15,50 

Uncirculated 

5 000 

500 

Комуз 

10 сом 

Күмүш 925°  

38,61  

28,28  

«Proof»  

1 000  

2 905  

  

Монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.