Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2018-жылдын 10-майында Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө эки өлкөнүн борбордук банктарынын башчылары Кыргызстанда жана Өзбекстанда учурда орун алып жаткан экономикалык абал, борбордук банктардын акча-кредит саясатын, мындан ары да кызматташуу келечеги тууралуу маселени талкуулашты.  

Толкунбек Абдыгулов региондо жүрүп жаткан интеграциялык процесстердин алкагында өз ара алгылыктуу негизде кызматташып, иш алып баруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.  

Мамаризо Нурмуратов мырза өз кезегинде, улуттук валюта сомдун жүгүртүүгө чыгарылышынын чейрек кылымдык мааракеси менен куттуктап, Улуттук банкка өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууда ийгиликтерди каалап, жетишкендиктерге тилектештигин билдирди.