Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы жана күнүмдүк отчетторду тапшырбагандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2018-жылдын 18 майынан баштап нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларынын төмөнкү алмашуу бюролордун лицензияларын кайтарып алды:
- ЖЧК «Ключевка», лицензиясы 2015-жылдын 29 октябрынан №5393;
- ЖЧК «МД Арууке» (MD Aruuke), лицензиясы 2016-жылдын 2 августунан №5485,
- ЖЧК «Нур-Форекс», лицензиясы 2016-жылдын 2 майынан №5440.
Алмашуу бюролор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларынын лицензиясын кайтаруу боюнча» кат менен Бишкек шаары, Умөталиев атындагы көчөсү, 101 дареги боюнча таанышууга акысы бар. Маалыматтар 0 312 66 92 58 телефон боюнча берилет.