2018-жылдын 24-майында “Банк иши. Банк кызматкерлерин дуалдык кесипкөй окутуу” долбоорунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземи болуп өттү 

 

“Банк иши. Банк кызматкерлерин дуалдык кесипкөй окутуу” долбоору аралыктан окутуу аркылуу ишке ашырылат, анда алган теориялык билимдерин иш жүзүндө бекитүү каралган. Долбоордо коммерциялык банктардын иш тажрыйбасы 2 жылдан ашпаган 26 жашка чейинки жаш адистери окутуудан өткөрүлөт. Мында гендердик тең укуктуулук (50%) да эске алынган. Окутуу Улуттук банктын базасында 7 модуль боюнча (“Экономикалык алкактык шарттар”, “Эсептешүү эсеби жана төлөм жүгүртүүсү ”, “Бухгалтериянын негиздери”, “Ченемдик укуктук база”, “Кредиттик операциялар”, “Аманаттар боюнча операциялар”, “Кардарлар менен коммуникацияны жөнгө салуу”) ишке ашырылган. Бүгүнкү күндө 270 ашуун банк адистери даярдыктан өткөн. Сертификаттарды тапшыруу аземине Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Лада Орозбаева жана Германия Эл аралык кызматташуу боюнча аманат кассалар фондусунун аймактык жетекчиси Ульрих Кинитц мырза, Германия Федеративдүү республикасынын элчилигинин Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Касьен Онезорге катышты.