Бүгүн, 2018-жылдын 30-майында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына банк ишине тиешелүү ар түрдүү маселелер боюнча тажрыйба алмашуу максатында Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкынын Төрагасынын орун басары Норкулов Ильхом мырза башында турган делегация келди. Бул визит ушул эле жылдын 10-майында Улуттук банктын Төрагасы Т.С. Абдыгулов менен Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкынын Төрагасы М.Б. Нурмуратовдун эки тараптуу жолугушуусу учурунда жетишилген макулдушуунун негизинде өтүп жатат. 

2018-жылдын 2-июнуна чейин созулуучу визиттин жүрүшүндө акча-кредит саясаты, финансы статистикасы, нак акча жүгүртүү, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу боюнча маселелер талкууланат, ошондой эле айрым эксперттик жолугушуулар өткөрүлөт.