Улуттук банк «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун жаңы редакциясынын долбоорун коомдук талкууга чыгарууда. 

Долбоор ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө системасына карата талаптарды эл аралык тажрыйбаны жана «Ислам финансы кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган институттар үчүн тобокелдиктерди тескөө боюнча жетектөөчү принциптер» IFSB 1 стандартын эске алуу менен кайра карап чыгууга байланыштуу иштелип чыккан. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет сайтынын «Ченемдик актылар//Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Улуттук банк ушул долбоорго карата сын пикирлерди жана сунуштарды 2018-жылдын 1-июлунан кечиктирбестен, eaidarov@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөт.