Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырууга укугу жок микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ишин жөнгө салган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын алдынкы эл аралык тажрыйбага ылайык келтирүү максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2018-жылдын 30-майында №2018-П-12/20-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туралуу» токтом кабыл алынган. 

Жогоруда аталган токтом менен Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы №31/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууга укугу жок микрофинансылык уюмдардын активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү боюнча жалпы принциптер жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 12-апрелиндеги №10/6 токтому менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-сентябрындагы №42/8 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги №16/3 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы №25/3 токтому менен бекитилген «Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы №25/3 токтому менен бекитилген «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы №3/3 токтому менен бекитилген «Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы №45/1 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы №45/1 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого. 

Токтом 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/Банктык мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банк эмес финансы уюмдарынын ишин жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.