Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн  

4,75 пайыз деңгээлинде калтырган  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2018-жылдын 25-июнунда эсептик чен (чен саясаты) өлчөмүн 4,75 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алган. Чечим 2018-жылдын 26-июнунда күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасында инфляция жыл башынан бери төмөндөөсүн улантууда. 2018-жылдын июнь айында (15-не карата) инфляциянын жылдык мааниси 1,0 пайызды түзгөн. Азык-түлүк товарларына баанын төмөндөөсү инфляциялык чөйрөнүн төмөн болушунун негизги фактору бойдон калууда. Ички жана тышкы рыноктордо алгылыктуу жагдайдын сакталып турушу жана кошумча таасирлердин жок болушу шартында инфляция динамикасы орто мөөнөткө каралган мезгил ичинде акча-кредит саясатынын 5-7 пайыз максаттуу көрсөткүчүнөн ашпайт.  

Кыргыз Республикасындагы экономикалык жигердүүлүк бир аз басаңдаган. Реалдуу ИДӨ 2018-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча «Кумтөр» ишканалары боюнча маалыматты эске албаганда, 0,7 пайызга өскөн. Экономиканын алгылыктуу өсүш арымы акча которуулардын агылып кирүүсүнүн улануусу жана реалдуу эмгек акынын көбөйүүсү эсебинен жеке керектөө аркылуу камсыз болгон. 2018-жылы Кыргызстандын соода боюнча өнөктөш өлкөрүндө алгылыктуу экономикалык жагдайдын мындан ары да сакталып турушу өлкөнүн экономикалык жигердүүлүгүнө оң таасирин тийгизээри күтүлүүдө.  

Банк тутуму, мурдагыдай эле, жетиштүү ликвиддүүлүк деңгээлине ээ. Жеңилдетилген акча-кредит шарттары акча рыногунун пайыздык чендеринин бир аз төмөндөшүнө өбөлгө түзгөн. Банктар аралык кредиттик ресурстар рыногунда жигердүүлүк бир аз төмөндөгөн. Мурда көрүлгөн акча-кредит саясатынын чаралары кредиттер боюнча рыноктук чендердин төмөндөшүнө жана экономиканы кредиттөө көлөмүн арттырууга таасирин тийгизүүдө. Ички валюта рыногунда жагдай туруктуу катары мүнөздөлгөн. 

Чогуу алгандагы суроо-талаптын алгылыктуу динамикасы жеңилдетилген акча-кредит шарттары менен катар эле, кошумча таасирлер жок учурда, орто мөөнөттүк келечекте инфляция динамикасынын бир аз калыбына келишин камсыз кылат. Тышкы сектордо тобокелдиктердин балансташуусун жана ички шарттардын өнүгүү тенденцияларын эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн сактоо чечимин кабыл алган. Улуттук банк келерки мезгил ичинде да тышкы таасирлер орун албаган шартта, акча-кредит саясатынын учурда жөнгө салынган багытын улантууга ниеттенүүдө

Улуттук банк туруктуу негизде инфляцияга карата тышкы жана ички факторлордун таасирине баа берүү менен экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт. 

Маалымат үчүн: 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2018-жылдын 27-августунда өткөрүлөт.