Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык, иштеп жаткан банктар (анын ичинде банк-резидент эместердин филиалдары) 2018-жылдын 1-июлуна чейин минималдуу уставдык капиталды 600 млн. сом өлчөмүндө түзүүгө тийиш. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы №2017-П-12/23-3-(ченемдик укуктук актылар) «Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (регулятивдик) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунун 3-пунктуна ылайык, жаңы түзүлгөн жана иштеп жаткан коммерциялык банктар (анын ичинде чет өлкө банктарынын филиалдары) үчүн өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн белгиленген минималдуу  уставдык капитал өлчөмүнөн төмөн эмес белгиленген.   

Азыркы учурда Улуттук банк, коммерциялык банктар уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” мыйзамына ылайык аткаруусуна мониторинг жүргүзүүдө

Коммерциялык банктар уставдык жана өздүк (регулятивдик) капитал боюнча белгиленген талаптарды аткарбаган шартта Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.