Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Статистикалык маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу, түзүү жана жайылтуу боюнча тажрыйбалык маселелер» темасында семинар өткөрүүдө 

2018-жылдын 3-июлунан 5-июлуна чейинки мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында «Статистикалык маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу, түзүү жана жайылтуу боюнча тажрыйбалык маселелер» темасында семинар өткөрүлүп, ага Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Польша Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын борбордук (улуттук) банктарынын өкүлдөрү катышышты. 

Семинардын жүрүшүндө борбордук (улуттук) банктардын өкүлдөрү - Евразия борбордук (улуттук) банктарынын кеңешинин жана башка өлкөлөрдүн борбордук банктарынын катышуучулары финансы секторунун статистикасын, акча-кредиттик статистиканы топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо боюнча тажрыйба алмашышты.