Улуттук банктын төрагасы Евразиялык өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) Башкармаcынын төрагасы менен жолугушту 

 

2018-жылдын 5-июлунда Евразиялык өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов Евразиялык өнүктүрүү банкынын Башкармаcынын төрагасы А.Ю. Бельянинов менен жолугушту. Улуттук банкта болгон жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын экономикалык абалын жана кызматташуунун перспективаларын талкуулашты. Улуттук банктын Евразиялык өнүктүрүү банкы менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү макулдашылды.