Банк инфраструктурасын коммерциалык банктардын агенттери аркылуу кеңейтүү максатында жана региондордо банктык чекене кызматтарынан калктын пайдалануусу жеткилүктүү болуу максатында 2018-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген: 

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76\8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

Жогоруда аталган жоболордун алкагында, POS-терминалдары орнотулган соода-тейлөө ишканалары, почта аркылуу банктык төлөм карттарынан 15 000 (он беш миң) сомго чейин нак акча алууга, кредиттерди, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, бардык салыктардын, айыптык төлөмдөрдүн түрлөрүн төлөөгө жана банктык карттан акча которууларды ишке ашырууга болот.  

Мындан тышкары, карт ээлери төлөмдөрдү mPOS (мобилдик пос-терминал), виртуалдык POS-терминал аркылуу төлөөгө, электрондук коммерция үчүн виртуалдык карттарды ачууга мүмкүнчүлүк алышат.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аталган ченемдик укуктук актылары менен төмөнкү шилтемеден таанышсаңыздар болот: http://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=106&lang=KGZ