Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен биргеликте POS-терминалдардын орнотулгандыгына жеке ишкерлер менен юридикалык жактарга мониторинг жүргүздү   

  

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган Мамлекеттик программанын иш-чараларын ишке ашыруу алкагында, 2018-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери биргелешип, банктык төлөм карт ээлерин тейлөө үчүн РOS-терминалдардын болушун текшерүү максатында Ысык-Көл областында мониторинг жүргүзүштү.   

Мониторинг жүргүзүү үчүн мейманканалар, санаторийлер, пансионаттар жана эс алуу борборлору кирген он төрт ишкана тандалып алынган.   

Мониторингдин жүрүшүндө Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери тарабынан POS-терминал орнотулбаган жети ишкананын жетекчилерине жазма буйрук берилген. Берилген жазма буйруктарга ылайык, аталган соода-тейлөө ишканалары 2018-жылдын 2-сентябрына чейин POS-терминалдарды орнотууну камсыз кылуусу зарыл. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жазма буйругу аткарылбаган учурда, кызмат адамына 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин айыптык төлөм төлөө жоопкерчилиги каралган.