2018-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында «KG төлөм системаларынын операторлор ассоциациясы», «Кыргыз Республикасынын байланыш операторлор ассоциациясы», «Сунуштоочулар (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмелеринин, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын, уюлдук байланыш операторлорунун («Скай Мобайл» ЖЧКсы, «Альфа Телеком» ЖАК, «Нур Телеком» ЖЧКсы), төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын өкүлдөрү катышкан чекене төлөмдөр боюнча Кеңештин отуруму болуп өттү

Кеңешке катышуучулар «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун жаңы редакциясынын долбоору боюнча маселелерди талкуулап, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүү рыногуна инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүнүн атайын режими жөнүндө» жобонун долбоорун кароого алышты.  

Отурумдун жыйынтыгында, кызыкдар болгон катышуучулар жобонун тиешелүү пунктулары боюнча өз сунуштарын кошумча сунушташат деген чечим кабыл алынды.