Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын “Микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн  2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттары” долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун корутундуларына ылайык келтирүүнүн алкагында, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин тобокелдикке багытталган көзөмөлдү жакшыртуу жагында жөнгө салган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү максатында, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары Долбоор) иштелип чыккан.  

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2018-жылдын 18-ноябрынан кечиктирбестен akubatbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүү зарыл.