Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобонун жаңы редакциясы» долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Аталган долбоор колдонуп жаткан милдеттүү камдар боюнча укуктук ченемдик базасын жаңылоо максатында иштеп чыгылган жана анын алкагында төмөнкүлөр каралат: 

- коммерциялык банктын башка милдеттенмелерин, атап айтканда кардарлардын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча коммерциялык банктардын милдеттенемелерин улуттук жана чет өлкө валюталарынын милдеттенемелери менен катар эсептешүү базасына киргизүү;  

- аталган милдеттенмелерди андан ары милдетүү камга киргизүү үчүн кардарлардын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча милдеттенемелерин эсептөө тартибин аныктоо; 

- өзгөчө учурларда, ошондой эле банк системасынын бүтүндүгүн коргоо, туруктуулугун камсыздоо жана тутумдуу тобокелдикти алдын алып максатында, конкреттүү бир банктын өтүнүүсү боюнча жеке тартипте милдеттүү камдык талаптардын ченемдерин, милдеттүү камдык талаптарды эсептөө регламентин жана анын сакталышын кайра кароо мүмкүнчүлүгү

- техникалык мүнөздө өзгөртүүлөрдү киргизүү

Бул долбоор Улуттук банктын расмий веб-сайтынын «Ченемдик актылар//Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2019-жылдын 4-январына кечиктирбестен bkudaiberdieva@nbkr.kg электрондук дареги боюнча (Word жана PDF форматтарында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.