Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жобо долбоору иштелип чыгып, ал коомдук талкууга сунушталууда.

Долбоор жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери менен операциялардын Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун (ПРБО) формаларында туура жана так чагылдырылышы, ошондой эле ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери менен операцияларды мындан ары да жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет- сайтынын "Улуттук банктын ченемдик актылары" / "Талкууга сунушталган долбоорлор" бөлүгүндө жайгаштырылган.

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2019-жылдын 1-февралынан кечиктирбестен omatyhova@nbkr.kg жана balymkulova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.