КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Талапкерлерди тандоо жана аларды маалымат базасына киргизүү максатында, 

ачык сынактарга документтерди тапшыруу убакыт мөөнөттүн узартуу жөнүндө жарыялайт: 

 

 

- банктын ликвидатору 

 

- банктын Убактылуу администратору 

 

Жалаң гана Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын маалымат базасына киргизилген талапкерлер, кийинки ылайык келген жайдайда банктын ликвидатору же банктын Убактылуу администратору болуп дайындалат. 

 

Документтер 2018-жылдын 02 апрелинде саат 17:00-дөн кечиктирилбестен тапшырылууга тийиш. 

Жалпы квалификациялык талаптар, функционалдык милдеттер жөнүндө толук маалымат жана конкурска катышуу үчүн керектелүүчү документтер тизмеги www.nbkr.kg интернет-дареги боюнча жайгаштырылган. 

 

Суроолор боюнча 66-92-65 телефону аркылуу комиссиянын катчысына кайрылса болот. 

 

Банктын жоюучусу кызмат ордуна талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

 

- жогорку билиминин болушу (дипломдун көчүрмөсү);  

 

- кеминде эки юридикалык жакты жоюу боюнча иш тажрыйбага ээ болушу (айрыкча коммерциялык банктарды) (аны жоюучу катары дайындагандыгын тастыктаган тийиштүү мекеменин къб\лъгънън/ лицензиянын көчүрмөсү); 

 

- Кыргыз Республикасынын банктар жана банк иштери боюнча мыйзамдарын, ошондой эле банктарды жоюу боюнча мыйзамдардын жоболорун билүүсү (окутуудан өкөндүгүн тастыктаган күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү)

 

- кынтыксыз (кемчиликсиз) абройго ээ болуу (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин Маалымат технологиялары башкы башкармалыгынан (МТББ) алынган соттолбогондугу тууралуу маалым кат);  

 

- эгерде юридикалык жак / жеке ишкер жоюучу катары дайындалган болсо, анда алар дайындалганга чейинки беш жыл ичинде банкроттукка дуушар болбогон болууга тийиш (Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинен маалым кат) ; 

 

- Жоюулуп жаткан банктын байланыштуу жактары, кредиторлору жана карыз алуучулары менен таламдардын каршы келбеши (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынан, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунан карызы жоктугун тастыктаган маалым каттар, «Ишеним» кредиттик бюросунан маалым кат) 

 

 

Убактылуу администратор кызмат ордуна талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

 

1) жогорку билимдүү экендигин тастыктаган дипломунун болушу (дипломдун көчүрмөсү);  

 

2) финансы-банк системасында кеминде беш жылдык, анын ичинде жетекчи кызматтарда - кеминде эки жылдык эмгек стажы (эмгек китепчисинин көчүрмөсү, коммерциялык банктардан жана башка финансы-кредит уюмдарынан маалым каттар); 

 

3) Кыргыз Республикасынын банк ишин, банктык тобокелдиктерди жөнгө салган мыйзамдар, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жоболорун билүүсү (окутуудан өкөндүгүн тастыктаган күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү)

 

4) кынтыксыз ишкердик абройго ээ болуусу (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин Маалымат технологиялары башкы башкармалыгынан (МТББ) алынган соттолбогондугу тууралуу маалым кат); ;  

 

5) Убактылуу администрация киргизилип жаткан/жоюлуучу дайындалган банкка байланыштуу жактар, кредиторлор жана карыз алуучулары менен таламдардын каршы келбеши (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынан, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунан карызы жоктугун тастыктаган маалым каттар, «Ишеним» кредиттик бюросунан маалым кат) 

 

 

Талапкерлердин жеке өзүнө тиешелүү маалыматтар  

 

Аты-жөнү (толугу менен) ___________________________________________________  

Туулган күнү, айы, жылы:___________________________________________________  

Туулган жери:_____________________________________________________________  

Паспортунун №___________________ Берилген күнү____________________________  

Колдонуу мөөнөтү:_____________________________  

Берилген жери_________________________________  

Үй дареги (жашаган жери):___________________________________________________  

Катталган жери:____________________________________________________________  

Үй телефон номери:_________________________________________________________  

Уюлдук телефон номери:_____________________________________________________  

 

 

№ 1-таблица. Жакын туугандары тууралуу маалымат (жолдошу/жубайы, ата-энеси, жолдошунун/жубайынын ата-энеси, балдары, бир тууган агалары жана эжелери, чоң эне жана чоң аталары).  

№  

Аты-жөнү  

Тууганчык жайы  

Туулган күнү   

Иштеген жери   

Кызмат орду   

Кайсыл убакыттан тартып кызматта   

Жашаган жери   

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

№ 2-таблица. Башка байланыштуу жактар тууралуу маалымат (жеке адамдар)  

№  

Байланыштуу жактын аты- жөнү  

Иштеген жери  

Кызмат орду  

Байланыштуулугу   

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

№ 3-таблица. Банктын Убактылуу администратордун/банктарды жоюучунун, анын жакын туугандарынын жана башка байланыштуу жактардын ишкердик кызыкчылыгы тууралуу маалымат   

№  

Аты-жөнү  

Юридикалык жактын аталышы   

Ээлик кылганлгон үлүшү  

Юридикалык жак менен байланышы   

 

 

 

 

 

 

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар анык экендигин тастыктайм. Алар өзгөргөн шартта, жаңыртылган маалыматтарды сунуштоого милдеттенем.   

  

 

_____________________(кол тамгасы) _____________________(күнү)   

  

  

 

 

  

АНКЕТА 

 

1. Аты-жөнү  (жеке адамдын)/(уюмдун жетекчисинин) _______________________________________________________________________  

2. Талапкерлигиңиз сунушталып жаткан кызмат орунду көрсөтүңүз:   

_____________________________________________________________________  

(кызмат орду, банктын аталышы)  

3. Аты-жөнүңүздү өзгөрткөн болсоңуз, качан жана эмне себептен өзгөрткөндүгүңүздү белгилеңиз, ошондой эле мурдагы аты-жөнүңүздү көрсөтүңүз _________________________________________________________________________.  

4. Туулган күнүңүз жана жериңиз _________________________________________ күн, ай, жыл, шаар, айыл, өлкө ______________________________________________  

5. Паспортуңуздун сериясы ____________ номери ________________ Ким тарабынан берилген ___________________ берилген күнү ________________________________  

6. Жарандыгы ____________________________________________________________   

Кандай жол менен алынгандыгын көрсөтүңүз: туулган жери боюнча, никеге тургандан кийин, башка жагдайлар боюнча чечмелеп бериңиз __________________________________________________________________________  

7. Үй дареги (документ боюнча), _______________________ тел. №________________  

Айкын жашаган жери _______________________________________________________  

8. Төмөнкү багыттар боюнча билим деңгээлине ээ экендиги жөнүндө маалымат:  

- банктык мыйзамдар ________________________________________________  

- банктык тобокелдикти тескөө ________________________________________  

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары __________________________  

9. Билими _____________________________________ (жогорку, толук эмес жогорку, атайын орто, орто, бакалавр, магистр)  

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан жери  

Факультет же бөлүм  

Тапшырган жана аяктаган жылы  

Диплом боюнча адистиги  

   

   

   

   

   

   

   

   

 

10. Эмгек жолун баштагандан бери аткарган иши  

Ишке кирген күн (ай, жыл)  

Иштен бошогон күн (ай, жыл)  

Ээлеген кызматы  

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери, иш берүүчүнүн аты-жөнү  

Иштен бошонуу себеби  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

 

11. Кайсы өлкөдө, качан Сизге же Сиз олуттуу катышуучусу жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же болбосо кызмат адамы болгон компанияга карата:  

- административдик укук бузууларга жол берүүгө тиешелүү айыптоолор, анын ичинде иштин токтотулганды же кине коюу жокко чыгарылгандыгы жагдайлар болгонбу (ооба/жок) ___________________________________________________________________________  

- дисциплинардык чара колдонулганбы (ооба/жок) ____________________________  

- мыйзам талаптарына ылайык, кылмышка баргандыгы боюнча айыпталган, анын ичинде кылмыш иши токтотулган, актоо өкүмү чыгарылган жана кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган жагдайлар болгонбу (ооба/жок) ___________________________________________________________________________.  

Эгерде болгон болсо, укук коргоо органынын аталышын, укук коргоо органынын аталышын көрсөтүү менен ал тарабынан коюлган айыптоолорду же кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан колдонулган дисциплинардык чараларды, териштирүүлөр жыйынтыгын, соттун чечимин көрсөтүү зарыл: ______________________________________________________.  

 

12. Соттолуп, бирок анын мөөнөтү акырына чейин өтөлбөгөн болсо, аны да көрсөтүп, түшүндүрмө берүү зарыл.___________________________________________________________________________.  

 

13. Сизге кайсы бир кесиптик иш менен алектенүүгө тыюу салган жагдайлар болду беле, эгерде болгон болсо, кеңири түшүндүрмө берүү зарыл _____________________________________________________________________.  

 

14. Жетекчи (менеджер), кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон, мажбурлоо тартибинде банкрот катары таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган ар бир компанияны көрсөтүү зарыл. ___________________________________________________________________________.  

Аны менен байланышта болгон жана мажбурлоо тартибинде банкроттукка чыгаруу же жоюу процессинде турган компанияда директор, кызмат адамы же олуттуу катышуучу катары аткарган ролуңузду жана жоопкерчилик деңгээлиңизди кеңири баяндап берүү зарыл.  

 

15. Сизге же Сиз аларга кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучу катары байланыштуу болгон компанияга мамлекеттик жана жөнгө салуу органдары тарабынан иликтөөлөр жүргүзүлдү беле? Жүргүзүлгөн болсо, кандай себептер боюнча экендигин кеңири түшүндүрүп жазуу зарыл ________________________________________________________.  

 

16. Учурда кандайдыр бир соттук териштирүүлөргө катышып жатасызбы? Катышып жактан болсоңуз, кеңири түшүндүрмө берүү зарыл. _________________________________________.  

 

Мен,________________________________________________________ (аты-жөнү)  

жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар толук жана анык экендигин жана анкетада белгиленген маалыматтарга ылайык көрсөтүлгөндүгүн тастыктайм. Атайлап бурмалоолорго жана жашырып коюуга жол берген болсом, ал сунушталып жаткан кызмат ордуна макулдук берүүдөн баш тартууга негиз боло тургандыгын жана мыйзамга ылайык жоопко тартылууга алып келиши ыктымалдыгын түшүнөм.  

 

 

  ______________________  

________ 

ж. «___» __________ кол тамгасы, күнү 

 

  

 

 

 

 

  

 

Банктын Убактылуу администратордун функционалдык милдеттери: 

1. өз ыктыяры менен жоюлуу чечимин кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды эске албаганда, банктын башкаруу органдарынын бардык ыйгарым укуктарын уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жүзөгө ашыруу 

2. Улуттук банк менен өз ара иш алып барып, отчетторду сунуштап туруу; 

3. Улуттук банктын уруксаты менен гана операцияларды жана төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу; 

4. активдерге, эсептерге жана документтерге инвентаризация жүргүзъп, банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү

5. банктын финансылык абалынын начарлашына жол бербөө үчүн тиешелүү чараларды көрүү;  

6. банктын документтеринин, активдеринин сакталышын камсыз кылуу;  

7. банктагы айкын иш жагдайын финансылык отчетко салыштырып текшерүү;  

8. банктын чыгашаларын мүмкүн болушунча кыскартуу;  

9. банктын финансылык абалын жакшыртууга айкын мүмкүнчүлүк жана катышуучулар ага ниеттенген шартта, банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүү;  

10. банктын андан аркы иши боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо;   

11. Улуттук банктын тиешелүү чечими болгон шартта, банкты реструктуризациялоо чараларын көрүү;  

12. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка чараларды ишке ашыруу.  

 

Банк жоюучусунун функционалдык милдеттери: 

1)  дайындалган учурдан тартып банк ишин текөөгө алып, активдерге, эсептерге жана документтерге инвентаризация жүргүзүп, активдеринин сакталышын камсыз кылуу чараларын көрүү

2) банктын мүлкүн тескөөгө алуу, кредиторлордун талаптарын оптималдуу канааттандыруу максатында банктын бардык активдери менен укук ченемдүү иш-аракеттерди жүргүзүү, банк алдындагы карыздарды өндүрүп алуу боюнча чараларды, ошондой эле банктын мүлктөрүн жана активдерин иликтеп табууга жана кайтарып алууга багытталган чараларды көрүү

3) кредиторлор талаптарынын негиздүүлүгүн текшерүү, негизсиз болсо аларды четке кагуу; 

4) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында белгиленген эрежелерди жана тартипти сактоо менен кредиторлорго төлөөлөрдү ишке ашыруу; 

5) киреше алып келбеген же милдеттенмелердин келип чыгышын шарттаган бүтүмдөрдү кошо алганда, банктын кайсыл болбосун милдеттенмесинен баш тартууга укуктуу (кредиторлордун же жоюу жол-жобосунун жүрүшүндө юридикалык анык милдеттенмелерди же милдеттерди аткаруудан баш тартуунун натыйжасында аларга келтирилген чыгашалар боюнча банктын кредиторунан болуп калуучу тараптарынын талаптарын канааттандырбастан); 

6) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамда белгиленген мөөнөт ичинде депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жеке жактардын кепилденген депозиттери боюнча маалыматтарды берип турууга; 

7) жоюу башталганга чейинки акыркы үч жыл ичинде банк келишкен бүтүмдөрдү, эгерде аларда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу белгилери камтылса, жараксыз деп таануу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу; 

8) банк акционерлерин, Директорлор кеңешинин, Башкармасынын мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу; 

9) Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен кызматташып иш алып баруу; 

10) жоюлуп жаткан банктын бухгалтердик жана статистикалык отчетторун жана башка отчетторун, Улуттук банк белгилеген тартипте жана көлөмдө ага сунуштап турууга; 

11)  Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынан жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан банкты жоюу жол-жобосун ишке ашыруу боюнча келип чыккан башка милдеттерди аткарууга.