Улуттук банк 2014-жылдын акча-кредиттик саясатынын жыйынтыгын чыгарды 

 

Салтка айланган жыл жыйынтыгын чыгаруучу пресс-конференцияга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Лада Орозбаева, Улуттук банктын Экономикалык башкармалыгынын жана Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын башчылары - Сейилбек Урустемов менен Раушан Сейткасымовалар катышышты. 

 

Пресс-конференциянын жүрүшүндө Улуттук банктын башчысы акча-кредиттик саясат жана банк секторунун жыл ичиндеги көрсөткүчтөрү тууралуу айтып берди. "Өткөн жылы Улуттук банк акча-кредиттик саясаттын негиздерине, пайыздык ченди аныктоонун механизмине өзгөртүүлөрдү киргизди. Буга чейин, анын чени Улуттук банктын нотасынын кирешелүүлүгүнө байланыштуу болсо, эми эсептик ченди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасы ар бир айдагы экономиканын абалынын баалоого жараша аныктап жатат". Биздин акыркы жыйыныбызда, эсептик ченди өзгөртүүсүз 11% деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алдык"-деп билдирди ал. 

 

"2014-жылы өлкөбүздүн ИДП көлөмү 397,3 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул убакыт аралыгына караганда 3,6% көбөйдү. Инфляциянын наркы жылдын аягында 10,5% түзүп, (2014 жылдын декабрында 2013-жылдын декабрына караганда) жылдын орточо инфляциясы -7,5% болду. Республикасынын акча базасы 8 млрд 667,5 млн сомго же 11,9% төмөндөп, 64 млрд 471,9 млн сомду түздү. Учурдагы коммерциялык банктардын 2014-жылдын январь-декабрь айларынын аралыгындагы кредиттик портфели 78 млрд 756,3 млн сомго жетип, 45,95% көбөйдү. 2013-жылы кредиттик портфелдин өсүшү 34,55% түзгөн. Жыл бою кайрадан берилүүчү кредиттер боюнча орточо пайыздык чен улуттук валютада төмөндөп, 1,19 пайыздык пункт - 20,13% түзүп, чет элдик валютада 2,73 пайыздык пункт - 14,95% түздү. Учурдагы коммерциялык банктардын депозиттеринин көлөмү 22,57% жогорулады жана отчёттук мезгил аягында 82 млрд 534,7 млн сомду түздү. 2013-жылы депозиттик базанын өсүшү 32,94% барабар болгон. Кайрадан кабыл алынган депозиттердин орточо пайыздык чени улуттук валютада 0,16 пайыздык пунктка жетип, 2,49% түздү. Ошондой эле чет элдик валютада 0.09 пайыздык пункт жана 0,86% түздү" деп маалымдады ал. 

 

Финансылык рынок тууралуу айтып жатып, төрага сомго карата доллардын расмий курсу 19,57% жогорулагандыгын белгиледи. Валюта сатуу боюнча чет элдик валютаны сатуу операциясынын көлөмү 2014-жылдын январь-декабрында 536,7 млн АКШ долларын түзсө, чет элдик валютаны сатып алууда 20,5 млн долларды түзгөн. Таза сатуу 516,2 млн. АКШ долларын түздү, бирок эл аралык камдар андан аз суммага төмөндөгөн, анткени Улуттук банк интервенциядан сырткары дагы, алтын валюта камдарын толуктоо боюнча операцияларды жүргүзүп келет. "Валюта рыногундагы абалга токтолсок доллардын курсунун бекемделиши дүйнө жүзүнүн баардык өлкөлөрүнө таасир этип жаткан дүйнөлүк тенденция болуп эсептелет. Азыркы учурда, өлкөбүздүн валюта рыногунда долларга карата дефицит жок. Улуттук банк тышкы финансылык рыноктогу жана ички валюталык рыноктогу абалга дайыма көзөмөл жүргүзүп турат. Өлкөнүн дүң эл аралык камы 2млрд АКШ долларын түзөт", деп билдирди Т.Абдыгулов. 

 

Улуттук банктын аткарган ишинин 2014-жылдагы негизги иштеринин жыйынтыктарын атап өткөндөн кийин, пресс-конференциянын катышуучулары журналисттердин суроолоруна жооп беришти. ЖМК өкүлдөрү көбүнчө финансы жана валюталык рынок, эл аралык камдын абалы, ЭЛКАРТ улуттук банктык картты алдыга жылдыруу сыяктуу суроолорду беришти. Ошондой эле журналисттерди Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык мейкиндигине кирүүсү жана анын кесепеттери боюнча Улуттук банктын көз карашы кызыктырды.