Кыргызстанда " Дүйнөлүк Акча Жумалыгы" (GlobalMoneyWeek) старт алды. 

 

Республикада 2015-жылдын 10-17-мартында өтө турган балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга арналган иш-чаралардын башталышы пресс-конференцияда айтылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин аткаруучу директорунун орун басары Саматбек Жумашев, "ChildandYouthFinance" Чыгыш Европа жана Борбордук Азиянын аймактык менеджери Карина Авакян, "Кыргызстандагы банктар Союзу" ЮЖУ башчысы Анвар Абдраев, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Надежда Добрецовалар катышты.  

 

Пресс-конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башчысы ушул жылы биринчи жолу 10-мартта Кыргызстан GlobalMoneyWeek глобалдык кампанияга толук масштабда кошулуп жаткандыгын айтты. "Жумалыктын алкагында Кыргызстан боюнча, анын ичинде алыскы айыл аймактарда дагы интерактивдүү окутуучу иш-чаралар, тегерек столдор, семинар, конференция, финансылык мекемелерде экскурсиялар жана балдар менен жаштар арасындагы сынактар өткөрүлөт. Кампаниянын негизги максаты жаш муундун аманаттарга болгон маданиятын өнүктүрүү, өзүнүн бакубат келечегин куруу жана келечекте тең салмактуу финансылык чечимдерди кабыл алуу үчүн балдарга жана жаштарга билим берүү болуп саналат", - деп белгиледи ал.  

 

Т. Абдыгулов ошондой эле журналисттерге Улуттук банк Финансылык жеткиликтүүлүк үчүн альянс менен (АФИ) "Кыргыз Республикасында финансылык жеткиликтүүлүктү колдоо үчүн финансылык сабаттуулук" долбоору боюнча гранттык келишимге кол коюулгандыгын маалымдады. "Долбоор финансылык сабаттуулук боюнча Концепцияга изилдөө жүргүзүү жана иштеп чыгууну караган, максаттуу аудиторияга маалымат жеткирүү инструменттерин аныктайт. Изилдөө баардык аймактарда жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары ушул жылдын соңунда белгилүү болот", - деп кошумчалады Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башчысы. 

 

Теманы улай, ал Улуттук банк бир эле учурда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгын белгиледи. " Айтсак, жогорку класстын окуучулары, кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү, жергилктүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн көчмө лекциялар өткөрүлүп жатат. Биздин эксперттер экономика менен финансынын негиздери жөнүндө, өздүк каражатты туура башкаруу, карызкердин " алтын " эрежелери, заманбап төлөм инструменттеринин мүмкүнчүлүктөрү жана пайдасы туурасында кеңири айтып берип жатышат. Ошондой эле биз финансылык сабаттуулукка арналган www.finsabat.kg сайтын ишке киргизип, кыргыз жана орус тилдериндеги "Акча алиппеси" жана "Денежная азбука" күлкүлүү басылмаларын чыгарып, атайын китепчелерди басып чыгарууга даярдык көрүлүп жатат ",- деп жыйынтыктады Т. Абдыгулов.  

 

2015-жылы Кыргыз Республикасында "GlobalMoneyWeek" компаниясын өткөрүү иш аракетин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жетектейт. Ошондой эле калктын калың катмарын бул компанияда камтуу үчүн, дагы башка финансылык мекемелер, эл аралык уюмдар жана ассоциациялар катышышат. Анын ичинде: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчёттуулук боюнча мамлекеттик агенттик; Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттиги; эмгек, миграция жана жаштар министри; "Кыргызстандагы банктар Союзу" ЮЖУ; "Жаштардын өнүгүү институту" БУ; Өнүктүрүү саясат институту; "ФИНКА Банк" ЖАК; "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" ЖАК, "Бай-Түшүм", Эл аралык финансылык корпорация (IFC); Эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коом (GIZ) ; "Кыргыз Фондулук Биржасы" ЖАК, "Жеке инвесторлор клубу" БУ, Борбордук Азия Университети ж.б. 

 

МААЛЫМАТ ҮЧҮН 

 

"GlobalMoneyWeek" масштабдуу кампаниясы жылыга "ChildandYouthFinance" эл аралык биримдигинин алдында дүйнөнүн 100 ашык мамлекеттеринде өткөрүлөт. 

Кампаниянын миссиясы- балдардын жана жаштардын финансылык билимине жана финансылык продуктыларга карата жеткиликтүүлүгү үчүн финансылык интеграцияны өнүктүрүү.  

GMWалкагында 2014-жылы 118 өлкөдө 2000ге жакын атайын акциялар менен иш-чаралар өткөрүлгөн. "ChildandYouthFinance" кыймылынын ишинин негизги максаты балдарды жана жаштарды өз каражатын кантип колдонуу же сактоо керектиги тууралуу билим берүү болуп саналат. Бүгүнкү күнү 1 пайыздан кем балдар үчүн гана, финансылык билим менен финансылык системадагы интеграция жеткиликтүү. Милларддаган балдар жакырчылыкта жашап жатышат.  

Бул боюнча толугураак маалыматты биздин расмий сайттан алсаңыздар болот: 

www.childfinanceinternational.org и www.globalmoneyweek.org 

Кыргызстан бул кампанияга экинчи жылы катышып жатат. Былтыр ага Кыргызстандын Банктар Союзу жана "МКК Финка" ЖАК катышкан.  


.

.