Улуттук банктын төрагасы Т.Абдыгуловдун Түрк Республикасына болгон жумушчу иш сапары аяктады 

 

2016-жылдын 30-январынан 1-февралына чейин созулган иш сапарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Анкара шаарындагы Борбордук банктын башкы кеңсесинде болду. Анын жүрүшүндө Толкунбек Абдыгулов Түрк Республикасынын борбордук банкынын төрагасы Ердем Башчи менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө тийиштүү бир катар экономикалык жана финансылык маселелерди талкууга алды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Түркиянын Борбордук банкы ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлду жана мындан аркы өз ара тең үзүрлүү кызматташтыктын негизги багыттары аныкталды.  

 

Иш сапардын жүрүшүндө, ошондой эле Түркиянын Борбордук банкынын Стамбулдагы филиалынын жетекчилиги жана "İstanbul Altın Rafinerisi A.Ş" мамлекеттик аффинаждык мекеменин мүдүрү Озжан Халач менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.