Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылдын 8-февралында Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө Президентке макроэкономикалык туруктуулукту, банк жана төлөм системаларынын үзгүлтүксүз, ишенимдүү ишин, ошондой эле республиканын валюта рыногундагы ыргактуу ишти камсыз кылуу жагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, Толкунбек Абдыгулов Президенттин тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте турак жай сатып алууга чет өлкө валютасында кредит алышкан жеке адамдарды-карыз алуучуларды колдоого алуу жагында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.