Чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага которууда (конвертациялоодо) "Реструктуризацияланган кредиттер" түшүнүгүн алып салуу жана техникалык мүнөздөгү оңдоолордун киргизилиши зарылчылыгынан улам, "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. 

Өзгөртүүлөр жана толуктоолор долбоору коомдук талкууга алынышы үчүн Улуттук банктын расмий сайтынын Улуттук банктын ченемдик актылары//Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ушундан улам, Улуттук банк аталган долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2016-жылдын 8-мартынан кечиктирбестен сунуштоону, анын ичинде asadykov@nbkr.kg электрондук дареги боюнча word форматында жөнөтүүнү өтүнөт.