2016-жылдын 5-февралында Улуттук банк Башкармасы тарабынан "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларды (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасында кредиттерди улуттук валютага конвертациялоодо кредиттерди сунуштоосу жөнүндө" убактылуу жоболор бекитилген. Бул ченемдик актылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы №33-б "Жеке адамдарга турак жай сатып алуусу үчүн чет өлкө валютасында берилген кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо жөнүндө" буйруу талабын ишке ашырууга багытталган.