"Кесипкөй жаш адистер" программасы 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2016-жылдан февраль айында жогорку окуу жайлардын экономикалык жана башка адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөрү, жаш адистер үчүн "Кесипкөй жаш адистер" программасын өздөштүрө баштады. 

Өклөнүн борбордук банкынын иш процессине түздөн-түз катыштыруу аркылуу банк кесибине жаштарды тартуу үчүн шарттарды түзүү жана мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо аталган программанын максатынан болуп саналат. 

Программага катышуу сынагы 3 баскычтан турат: 

1. талапкерлерди квалификациялык талаптар боюнча тандоо; 

2. тесттен өткөрүү

3. талапкерлер менен баарлашуу. 

Сынактан өткөн талапкерлер Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнө тажрыйбалык такшалуудан өтүүгө кабыл алынат. 

Утуттук банк сынакка катышкан баардык талапкерлерге ыраазычылыгын билдирет. 

Тиешелүү бардык суроолор менен төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот: 

Бишкек шаары, Т. Үмөталиев атындагы көчө, 101, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Персонал менен иш алып баруу бөлүмү, 105-бөлмө, телефону:(0312) 66-90-18.