Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2016-жылдын 11-апрелинде төмөнкү токтомдор бекитилген: 

1) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" № 17/2 токтом, ага ылайык төмөнкү документтерге: 

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерине, микрокредиттик агенттиктер тарабынан берилген кредитин өлчөмүн көбөйтүү жагында; 

- "Микрокредиттик компаниялардын/микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого жана "Микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген. 

2) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" № 17/3, ага ылайык төмөнкү документтерге: 

- "Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди (делону) кароо жөнүндө" нускоого Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында; 

- Коммерциялык банктардын ишинде орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоого багытталган көзөмөлдүктү жайылтуу долбоорун өздөштүрүүнүн алкагында "Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоого толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген. 

Улуттук банк Башкармасынын бул токтомдору банктын www.nbkr.kg/ Банк / Банк иши тууралуу мыйзамдар / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору дареги боюнча сайтында жайгаштырылган.