Улуттук банктын жетекчилигинин Эл аралык валюта фондусунун (ЭВФ) миссиясы менен жолугушуусу болду 

  

2016-жылдын 25-апрелинде Улуттук банктын жетекчилигинин Эл аралык валюта фондусунун (ЭВФ) миссиясы менен жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө миссиянын Кыргызстандагы иш жыйынтыгы чыгарылды. Эки тарап келечектеги кызматташ, финансы секторунун өнүгүшүү жана Кыргызстандын экономикалык абалын жакшыртуу боюнча ой-пикирлерин ортого салышты. Мындан айрыкча, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов эки тараптык кызматташтын жана  ЭВФ миссиясынын Кыргызстанда өткөрүлгөн ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.