Илимий иш сынагына катышкандардын эмгегине баа берүү 

 

Улуттук банк, жаш адистерди жана студенттерди илимий изилдөө ишине тартуу, алардын банктык иш процессине аралашуусуна өбөлгө түзүү максатында 2015-жылдын 18-декабрында илимий иш боюнча сынак жарыялап, ал боюнча кулактандыруулар Улуттук банктын сайтында жана «Эркин-Тоо» жана «Вечерний Бишкек» газеталарында жайгаштырылган эле. 

Ушул убакыт аралыгында республиканын ар кайсы жогорку окуу жайларынан алты илимий эмгек түшүп, алардын төртөөсү курамына Улуттук банктын жетекчилигинин өкүлдөрү Н.Жениш, Л.Дж.Орозбаева, Г.А.Исакова, С.К.Сарымсаков, С.А.Урустемов, Г.А.Керимкулова, С.А.Чалбаев, ошондой эле академиялык мекемелердин өкүлдөрү З.И. Кудабаев (Борбордук Азиядагы Америка университети), Р.И.Могилевский (Борбордук Азия университети), Р.Ф.Хасанов (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш), Д.С.Эсеналиев (SIPRI, Швеция) кирген баа берүү комиссиясынын кароосуна сунушталган. 

Комиссия талапкерлердин илимий ишин кароого алып, төмөнкү жаш адистердин илимий ишти андан ары ишенимдүү алып кетишине дем берүү максатында аларга сыйлыктарды ташыруу чечимин кабыл алган: 

 

1. Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенти Кубанычбеков Кайрат «Кредиттер боюнча пайыздык чендердин детерминанттары” темасындагы эмгеги үчүн 20 сом номиналындагы банкнот акрил блогу менен; 

2. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүсү Касымбаева Сабира «Валюта алмашуу курсу, экспорт, импорт, төлөм теңдеми жана бюджеттик кирешелер ортосунда себептик байланышка вектордук авторегресс ыкмасында талдап иликтөөлөр» темасындагы эмгеги үчүн 20 сом номиналындагы банкнот акрил блогу менен; 

3. “Ататүрк-Ала-Тоо” Эл аралык университетинин студенти Давтаева Индира, «Акча-кредит саясатынын Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө тийгизген таасири» темасындагы эмгеги үчүн 5 сом номиналындагы банкнот акрил блогу менен; 

4. Ош мамлекеттик университетинин студенти Болотбеков Бейшенбек «Айыл чарбасын микрокредиттөөдө орун алган көйгөйлөр» темасындагы эмгеги үчүн 5 сом номиналындагы банкнот акрил блогу менен сыйланышкан. 

Өлкөнүн Борбордук банкы бардык катышуучуларды чын дилден куттуктап, аларга ийгиликтерди каалайт.